Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 197

“Форма-2” боюнча каттоого алынгандардын дээрлик баары эми эле добуш берип койду деп жазгандар жана айткандар калпты учуртуп жатышат.

 
1. “Форма – 2” боюнча добуш берүү жана каттоо өз алдынча фальсификация болбойт, башкача айтканда аны менен реалдуу шайлоочулар добуш берет... башка шайлоочулар сыяктуу эле биометрикалык маалыматы жана паспорту боюнча каттоого алынган шайлоо участогуна барып... Демек,  кайталап добуш берүү мүмкүн эмес. 

2. “Форма-2” боюнча добуш берүүнү уюштурууга партиялардын кайсы бир шайлоо участогу  боюнча конкреттүү милдетти алган үгүтчүлөрү жана талапкерлери чуркашат. Аларга жалпы партиялык көрсөткүчтөрдүн кереги да жок, башкысы өздөрүнүн добуш боюнча “пландарын” аткаруулары керек. 

3. Шайлоочуларды “Форма-2” боюнча мобилизациялоого умтулган партиялар жалпысынан 25 пайызга чейин добуш жоготот, анткени “Форма-2” боюнча башка участокторго же калк жашаган конуштарга алдын ала катталгандардын баары шайлоо күнү келе беришпейт. Бул биздин жашоо практикабызда бар. Ар кандай иш-чара, салтанаттарга деле 100 киши чакырылса, анын 25и келбей калаары анык. Анын үстүнө башка шайлоо участогуна каттоого турууга макул болгондордун кайсы бир бөлүгү башка партияларга добуш беришет, аларды көзөмөлдөө мүмкүн эмес. 

4. Ал эми “Форма-2” боюнча каттоого алынгандардын дээрлик баары эми эле добуш берип койду деп жазгандар жана айткандар калпты учуртуп жатышат. Ошондой эле “Форма-2” боюнча добуш берүүгө паспорттун кереги жок, биометрикалык каттоодон жана идентификациядан да өтүү талап кылынбайт деген кеп дагы калп. Алардын жарымы түшүнбөгөндүктөн калп айтса, калганы кырдаалды курчутуп, коомчулуктун нааразычылыгын жаратуу үчүн атайын ойдон чыгарышууда. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы