Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 384

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Шамалдуу-Сай шаарына барды. 

Добуш сатууга ортомчу болгондор - көз боемочулар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Шамалдуу –Сай шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Ортомчу болуп жаткандар анык көз боемочулар. Силердин паспорттук маалыматыңарды алып, тизме түзөт да, “Мына, ушунча адам силерге добуш бермей болду”, - деп чоңуна барат. Андан ар бир добуш үчүн 3 миң сомдон алып, силерге миң сом берет да, калганы чөнтөгүндө калат. Анан муну көз боемочу дебегенде ким дейбиз? Ал эми коррупционер өзү мага окшоп силердин алдыңарга келип сүйлөбөйт. Үйүндө чалкалап жатып, өзүңөрдүн эле ортомчу болуп жаткан балаңарга баштыктап акча карматып, “Бар, Шамалдуу-Сайды сатып кел”, - деп коет. Ушуну билип туруп, кантип добуш сатып, өзүбүздүн келечегибизди талкалайбыз?! Мыйзам боюнча, добуш сатуу жана сатып алуу – кылмыш. Бир добуш сатып алам деген адам 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, бир добуш сатам деген адам 200 миң сомго чейин айыппул төлөйт. 2 миң сом алам деп 200 миң айыппул төлөп калбагыла”, - деди Камчыбек Ташиев.

                 

 

                 

 

             

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү