Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 540

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Аксы районунун Ак-Суу айылына барды. 

Ар бир элдин өзүнө жараша бийлиги болот. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Аксы районунун Ак-Суу айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Ар бир адам жакшы жашоону каалайт. Ар бир адам өлкөсүнүн өнүгүшүнө, калктын жашоо-турмушунун жакшырышына кызыкдар. Бирок эл кандай болсо бийлиги, депутаттары ошого жараша болот. Андыктан шайлоодо ойлонуп, “жети өлчөп бир кесип” добуш бериңиздер.

Баш ийип жашагыча, тик туруп өлгөн артык. Эч кимге басынбаңыздар, өз келечегиңерди тандоону өз колуңуздарга алыңыздар. Сиздердин добуш эртеңибизди жакшы же жаман жагына өзгөртүүгө салым кошоорун унутпаңыздар! Мен мага берилген ар бир добушту коргоп алам. Бир добуш – бир адам. Бир адам – бир өмүр. Бир адамдан мамлекет куралат, бир добуштан мамлекеттин тагдыры чечилет”, - деди Камчыбек Ташиев.