Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 361

“Мекенчил” партиясынын программасы да чогуу аттанганга жардамын берди.

- Равшан мырза, сөздү парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен катышып жатышыңыздан баштасак, кандай себептердин негизинде “Мекенчил” партиясын тандадыңыз?

- “Мекенчил” партиясын тандап, анын тизмеси менен шайлоого аттанышыма - партиянын программасы жана партиянын катарындагы инсандар түрткү болду. Дегеним, “Мекенчил” партиясынын курамында элге-журтка чын дилден күйгөн, буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеп такшалган, эмгегинен баар тапкан, чыныгы мекенчил инсандар бар экени мени өзүнө тартты. Маселен, партиянын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров өлкөдөгү сыйга татыган, калың элдин катмарына кадыры сиңген адамдар. Андан ары карасак, партиянын тизмесинде Жылдыз Жолдошева, Курманкул Зулушев, Бакыт Аманбаев турат. Бул инсандар кыргыз коомчулугуна адилеттүлүктү, чыркыраган чындыкты айтып жүрүп таанылган. Артынан кыпындай дагы жаман сөз ээрчитишкен эмес. Өз жашоосунда принциптик позицияларын да эч качан саткан эмес. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды аркалаган маалда элдин казынасынан жарым тыйын уурдабаган инсандар. Бул кишилер мекенге чын дилинен күйөрүн, эл-жеринен кара башын дагы аябастыгын баскан жолунда тастыкташты. Атай айтсам, “Кыргызстанды туңгуюктан чыгаралы, элдин байлыгын мамлекетке кайтаралы”- деп чыккан Садыр Жапаров канчалаган оорчулуктарды, кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Бүгүн да азап чегип, абакта жатат. Биз эл үчүн күйгөн азаматты тез арада боштондукка чыгарышыбыз керек. Ал эми 2010-жылдагы июнь айындагы кандуу окуяда Камчыбек Кыдыршаевич өмүрүн тобокелге салып, эмне деген эрдик көрсөттү. Далай кишинин өмүрүн сактап, элдин ынтымагын коргоп калганын эч ким унута элек. Кечээ жакындагы эле ишин карайлычы, чегарадагы чырда депутат болбосо дагы жетип барып кабар алып, ошол жердеги элге дем-күч берип, кошуна өлкөнүн чагымчыл билдирүүлөрүнө татыктуу жооп бербедиби. Мына ушундай кадамдардын баарын талдап, “Мекенчил” партиясы менен чогуу барганга бел байладым. 

- Ошондо, партиянын программасы да купулга толдубу?

- Албетте, “Мекенчил” партиясынын программасы да чогуу аттанганга жардамын берди. Партиянын беш багыт боюнча кординалдуу реформаларга бара турган программасы бар, муну азыр элге жарыялап жатабыз. Приоритеттүү багыттардын бири жогоруда айтып кеткендей-  чек ара маселеси. Мамлекеттүүлүктү чыңдаш үчүн делимитация жана демаркацияны чечүүнү тездетебиз. Экинчиси, кыргыз элине таандык болгон кен байлыктардын баарын элге кайтарабыз. “Кумтөр” баш болгон кендерди бүт мамлекетке кайтарып, элдин жыргалчылыгына иштетебиз. Садыр Нургожоевич так ушул маселени көтөрүп канча жылдан бери азап тартып жүрөт. Оор кайгыларды башынан өткөрдү. Бирок, ошондой болсо дагы элим, журтум, мамлекетим деп чындыктан кайра тартпай, позициясынан жанбай отурат. Дагы кайталап кетейин, биз утуп келсек Садыр Жапаровду чыгарабыз. Программага келсек, аймактык административдик реформаны жасайбыз. Бийлик системасын ордуна келтирип, президент жана премьер-министр деген эки баштуу башкаруу системасын сындырабыз. “Мекенчилдер” парламентке келери менен парламенттик же таза президенттик өлкө болуу демилгесин көтөрөбүз. Референдум жарыялатабыз. Мындан сырткары, мамлекетти экономикалык туңгуюктан чыгаруучу жана бүгүнкү күндө аксап турган сот-укуктук реформага чекит коючу программабыз бар. 

- Учурда үгүт иши жүргүзүп жатасыздар, эл ичинде кабыл алуу кандай?

- Бүгүнкү күндө Нарындын, Көлдүн, Чүйдүн, Таластын, Оштун, Жалал-Абад жана Баткендин баардык булуң-бурчтарында эл биздин партияны колдоп жатканы бизди абдан сүйүндүрүүдө. “Мекенчил” партиясынын утуп чыгарына чоң ишеним жаралды. Элдин талабын угуп жатабыз, алардын какшап айткан маселесинин бири мамлекетти уурдаган ууруларды жазалоо. Биз парламентке келерибиз менен, 30 жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп байыган, элдин жон терисин сыйрып миллионер болгон, кен байлыктардын 80%ын кытайларга берип, аларды азыр калкалап, “доля” алып отурган чиновниктерди баарын ачыкка чыгарабыз, мыйзамдын чегинде жазалайбыз. Антпесек, мамлекеттин карызы 4,5 долларга чапчыды. Ар бир төрөлгөн баланын мойнуна 750 доллардан карыз илинүүдө. Биз Кыргызстаныбызды карыздан кутултуп, өнүккөн өлкөгө айландырып, урпактарга өткөрүп беребиз. 

- Үгүт ишинде тоскоолдуктар жокпу? Ошондой эле шайлоочуларды акчага азгыргандар чыгып, “азыр миң сом, шайлоо күнү дагы миңин беребиз” деген сунуштар болуп жатканы каңкууланууда, чынбы?

- Коррупционерлерди катарына тизип алган партиялар добуштарды сатып алуу үчүн 2-3 миң сомдон берип жатканын, элди коркутуп-үркүтүп, мугалим, врачтарды кысымга алганын угуп жатабыз. “Мекенчил” партиясына Кара-Суу районунда элди чогултканга уруксат бербей койду. Исфанада мэр менен акимчимлик биздин лидерге бут тосту. Бирок, биз мөгдүрөп калбайбыз. Элдин колдоосу бийик. Ар бир мекендешибиздин мекенчилдик сезимин ойготуп, алдыга кадам шилтей беребиз. Мисалы, бир дагы лидер мигранттар менен жолуккан жок. Камчыбек Ташиев Москвага барып он миңдеген балдар-кыздарыбызга жолугуп, жашоо шарты менен таанышып, орус жетекчиси Путинге ыраазычылык билдирип келди. Биздин партия эмгек мигрантарына өзгөчө көңүл бөлүп, жаңы жумуш орундарды ачууга, мурдагы завод-фабрикаларды жандадырууга, жеңил өнөр жайын мамлекеттик колдоого бел байлоодо. Анын арты менен мигранттарды мекенге кайтарууга күч аракетти жумшайбыз. 

- Эркин мирофон…

- Кыргыз элибиз - акылман, көрөгөч эл. Кимдин-ким экенин билип бүттү. Тагдыр чечүүчү күнү ойлонуп, акыл калчап, сатылып кеткен кен байлыктарды, тентип жүргөн мигранттарды, бузулган жолдорду, булганган сууларды эстеп, туура тандоо жасайт деген ишеним бар. Мамлекетти сактап калуу үчүн, келечек муунга жаркын, гүлдөгөн өлкөнү өткөрүп берүү үчүн 4-октябрда сөзсүз шайлоого келип, “Мекенчил” партиясын шайлайт деген үмүттөмүн. Биз бүгүн элдин колдоосуна муктажбыз. Келечекти өнүктүрүп, мамлекетти туңгуюктан алып чыгалык, карыздан кутулалык десек, келгиле ушул тарыхый миссияны биргеликте кол кармашып аткаралык. Сиздерге терең ишенем, №2 “Мекенчил” партиясын колдоп бериңиздер! 

Булак: "Майдан.kg" газетасы