Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Кербен шаарына барды. 

Саясий чайкоочулук жашообузга кирди. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кербен шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Кайсы партияга барба, тизмесине акча алышат. 200 миңден миллион долларга чейин тизмедеги орундарды баалашты. Бул – саясий чайкоочулук. Анан ошол чайкоочулуктан тапкан акчасын силерге чачып, добуш сатып алууга умтулушууда. А биздин партия ниетин түздөп, биринчи Кудайдан, андан кийин элден деп таза жол менен шайлоого аттандык. Добуш берсеңер парламентке барабыз, бербесеңер да досум Садыр Жапаровду таштабайм! Аягына чейин чогуу болом! Акыйкаттуулуктун келиши кыйын экен. Аны айтып койсоң, эл билип калса эле орноп калбайт экен. Орнотуш үчүн күрөшүү, көкүрөктү тосуу керек экен. Мен тосуп келатам. Биздин эл коррупционерлерди шайлабайт, мамлекетибиз, кыргыздар сатылган эмес! Биз баатыр элбиз!” – деди Камчыбек Ташиев.