Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 328

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылына барды. 

Эң арзан электр энергиясын өндүргөн Кыргызстан жарандарына эң кымбат баада сатат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Мурдагы союздун курамындагы өлкөлөр арасынан Кыргызстан эң арзан электр энергиясын өндүрөт. Бирок элге саткан баасы кымбат. Бул жаатта алектенген бир нече ишкана 30 жылдан бери элдин капчыгын кагып келди. Электр энергиясын өндүрүүдөгү чыгаша, салык, соцфонд төлөмүн, ал турмак 10 тыйын параны кошкондо да 1 кВт 50 тыйын чыгат. А биз канчадан төлөп жатабыз? 700 кВтка чейин 77 тыйын, андан ашса 2 сом 16 тыйын. Калганы кайсы бир тараптын сол чөнтөгүнө кетип жатат. Биз ушуну токтотушубуз керек! Эгер 2 сом 16 тыйындан төлөй турган болсок, айлык акы, пенсия, жөлөкпулдар ага жараша 30-50 миңден ары болсун. А бизде жөлөкпул миңден 2 -3 миңге чейин, пенсия 5 миңдин тегереги, айлык он беш миң сомдой. А элдин төлөгөнү 2 сом 16 тыйын. Парламентке барып калсак электр жаатындагы коррупциялык схеманы кан буугандай токтотобуз!” – деди Камчыбек Ташиев.

          

 

           

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү