Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 377

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Ала-Бука айылына барды. 

Шайлоочу адал добуш берсе, партия адал кызмат кылат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ала-Бука айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Бизге берген ар бир добушуңар адал болсун. Биз да силерге адал кызмат кылабыз. Бизге жасалма, сатылма добуштун кереги жок. Себеби элдин ишеними болбосо, бийлик бекем болбойт. Мен элди аралап жүрүп көрүп атам, элдин жүүнү бошошуп, “кандай болгондо деле бийликтүүлөр, акчалуулар келет турбайбы”, - дегендей кайдыгерлик орун алыптыр. Бул да туура, буга чейин коррупционерлер бир партияга чогулуп келе турган болсо, азыр андай партиялардан 3-4 болду. Коррупционерлердин көбөйгөнүн ушундан билип алыңыз, алар бир партиянын тизмесине батпай калышты. Жан-жабыла акча сунушташып, элдин айласын кетиришти. Биринен баш тартсаң, экинчиси, анан үчүнчүсү акча сунуштап келет. Кокус, акчасын алып калсаңар, добушуңарды ага байлабагыла. Ал акча Чубак ажы айтып кеткендей арам болот. Үйгө алып барбагыла, астанаңардан өткөрбөгүлө, балдарыңарга тамак алып бербегиле! Шайлоо күнү акчасын алып алдым эле деп, аларга добуш бербегиле! Добуш берүүдө акылга жана туюмга таянгыла! Эл-журт, мамлекет үчүн добуш бергиле!” – деди Камчыбек Ташиев.

           

 

              

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү