Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 232

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Ала-Бука районуна барды.

Садыр Жапаров чындыктан кайтпаганы үчүн абактан чыгарылган жок. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ала-Бука районунун Биринчи май айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Садыр Жапаров чындыктан кайтпай, айтканынан тайбай, акыйкаттуулук, мыйзам менен абактан бошотуп алат деп силерге үмүт артып отурат. Анын үмүтүн актап, жардам берип коюңуздар. Ал тарыхта калчу жигиттердин бири. Түрмөдө отуруп кадыр-баркы өскөн жалгыз саясатчы ошол болду. Кайсы жерге барсам да эл менден: "Садыр Жапаров качан чыгат?" - деп сурашат. Демек, миллиондогон адамдарды ойлонтуп жатат, демек жөнөкөй адам эмес. Бирок өзү өтө көп кыйналды, азап тартты. Ошол азабына кайыл болуп, акыйкаттуулуктан үмүт кылып, чындыгынан кайтпай койду. Эгер "жаңылдым жаздым, эптеп чыгарып койгула мени", - деп тизе бүкчү болсо, эчак эле эркиндикке чыгарылмак", - деди Камчыбек Ташиев.