Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 156

Туура 10 күндөн кийин өлкөбүздө парламенттик шайлоого карата добуш берүү күнү болот.

Ат салышып жаткан 16 партиянын канчоосу маарага жетип, канчоосу жетпей ара жолдо каларын аныктоочу күн. 

Үгүт иштеринин жүрүшүнө карап, интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү талкууларга, пикирлерге таянып жыйынтык чыгара турган болсок, анда кайсыл партиялар парламентке келери деле белгилүү болуп калды. Ооба, баягы эле акчалуу партиялар, убадага «карк» тойгузчулар алдыда келатат. Ошол эле убакта саясатка кадам таштай элек жатып популизмди көрсөтүп жаткан жаңы жүздөр да алдыда. Эгерде ушул партиялар парламентке келип, мамлекет тагдырын чечүүчү мыйзамдарды кабыл алып, өкмөттү курай турган болуп калса, анда үмүттүн шамы күйөбү же өчөбү?

Биз, карапайым шайлоочулар ушул күнгө чейин күнөөнү жалаң шайланып келгендерден издедик. «Алдап кетишти», «Шайлоонун алдында эле убадаларын жайнатып чыга калышат», «Убада бергенден уялышпады», «Ушулар мамлекетти сазга тыгышты», «Ууру, коррупционер, криминалдар парламентке толуп алды» деп кейип-кепчийбиз. Бирок, кайра эле ошолорду өзүбүз шайлап алабыз. 

«Менин добушум эмнени чечмек эле? Акчасын албасам деле баары бир ушул партиялар өтүп кетет» деп да көп айтабыз. Анан акчасын алып «Меники болгону бир эле добуш го» деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп коебуз. Тамчыдан көл кураларын, ошол бир добуштан миңдеген добуштар пайда болорун эске албайбыз. Анан кайра эмнеге шайланып келгендерди күнөөлөшүбүз керек? Алар акчасын берди, сиз добушту саттыңыз, болду алуучу менен сатуучунун ортосунда бири-бирине доомат болуштун өзү туура эмес. Себеби, добуш сатылгандан кийин соода бүтөт. Ал эми берилген убадалар – бул реклама. Ошол рекламалардын баары ММКда акы төлөнүп чыгарылат. 

Адам бир жолу билбестиктен жаңылат. Экинчи жолу да билип туруп кенебестиктен жаңылышы мүмкүн. Бирок, билип туруп үчүнчү ирет жаңылган адам эч качан башканы күнөөлөгө акысы жок. «Өзүмө чала!» дегени туура. 

Ушул күнгө чейин убадаларга канча ирет алдандык. Билип туруп эле көп жолу алдандык. 6-чакырылыштагы парламенттин деңгээлине аябай нааразы болдук. Өзүбүзгө чала! Өзүбүз шайлаганбыз. 

Өзүбүз шайлаган депутаттар өкмөттүн улам-улам «өпкөсүн үзүп», улам жаңысын курап жатты. Туруксуз өкмөт – туруксуз экономика болду. Өзүбүзгө чала! 

Өзүбүз шайлаган депутаттар Каркыраны казактарга, Үзөңгү-Куушту Кытайга сатуу боюнча келишимди ратификациялап берди. Өзүбүзгө чала! 

Өзүбүз шайлаган депутаттардын сүйлөгөндөрүнөн, жүрүм-турумдарынан өзүбүз уялып отурабыз. Өзүбүзгө чала! 

Парламент депутаттарынын кандай болушу – бул өз тандообуз. Өз тандообузга кайра өзүбүз нааразы болбойлу. Же туура тандайлы.

Азыркы ат салышып жаткан саясий партиялардын курамында бычакка сап боло турган ар-намыстуу уул-кыздарыбыз бар. Ошол эле убакта алардын кадырына көлөкө түшүрө турган партиялаштары да бар. Ошондон улам тандоодо арсар ойлор арбын. Дагы 10 күн ар бир партиянын талапкерлеринин тизмесин жакшылап анализдегенге жетиштүү убакыт. Ар-намыстуу уул-кыздарыбыз басымдуу болгон партияларга, ошол эле убакта бийликтин саясатына конструктивдүү альтернатива айта ала турган оппозициялык багыттагыларды да электен өткөрүүгө жетишсек болот. Эң башкысы ушул жолу да «өзүбүзгө чала!» деп отуруп калбайлы.

Булак: media-center.kg