Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 292

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Өзгөн районунун Куршаб айылына барды. 

Кыргыз эли 4-октябрда акча сунуштагандарга жана башка ресурстарына таянган партияларга эмес, элге жакын, мекенчил инсандарга добуш  берсе бул - тарыхый бурулушка айланат. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын талапкери Равшан Сабиров Өзгөн районунун Куршаб айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Балдарыбыз, ини-карындаштарыбыз мигрант болуп чет мамлекеттерге аргасыз кетишти. Кыргыз экономикасынын акыбалы оор, аны саздан чыгарууга чечкиндүү аракет жана мекенчил инсандардын дарамети керектелет. Баарыбыз кыйынчылыктан чыгууга жалпы аракет кылалы, бир муштумга чогулалы, бирибиз он, онубуз жүз, жүзүбүз миң болуп, кыргыздын мыкты, патриот инсандарын ээрчийли. Акчага алданбай, басымдарга баш ийбей туруп, 4-октябрда тарыхый бурулуш жасайлы.  Келечек муундарыбыз мекенчил болушсун! Биз сиздердин колдооңуздарга муктажбыз!" - деди Равшан Сабиров.