Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Куршаб айылына барды. 

"Силер берген ар бир добушту коргоп алууга дараметим жетет", - деди "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун Куршаб айылынын шайлоочулары менен жолугушууда. 

"Шайлоодо ар кандай окуялар болот. Буга чейин ар бир шайлоодо ар кандай кырдаалдар орун алганы баарыбызга дайын. Мен ар бириңиздердин добушуңуздарды коргоп алам. Добуштарды саноо  жыйынтыгы өзүбүздүн протоколдордун жыйынтыгына дал келбесе, ар бир шайлоочумдун мага берген ишеними үчүн, махинация кылгандарга каршы туруп, силердин укугуңарды коргоп берүүгө милдеттүүмүн! 

Силердин ишеничиңер - бизге күч-кубат. Колдооңуздар менен колубузга  берген  бийликти элимдин жыргалчылыгы үчүн иштетем. Бийликтүүлөргө тебелетпейм, ар бир жарандын үмүтүн актоого өмүрүмдү арнайм!" - деди Камчыбек Ташиев.