Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 348

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Куршаб айылына барды. 

Дос -  жыргалчылыкта эмес, кыйынчылыкта сыналат. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Өзгөн районунун Куршаб айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров достуктун символу болуп калышты. Камчыбек Ташиев абакта акыйкатсыз жаткан досун чыгаруу үчүн "Мекенчил" партиясын баштап парламентке баратат. Дос деген мына ушундай болушу керек. Ал керек болсо, Садырдын башына иш түшүп, жакынын жоготуп, бирок зыйнатына катышууга уруксат ала албай турганда: "Садырды чыгаргылачы, анын ордуна мен барып отурайын", - деп айткан. Бул сөздү ким айта алат? Жаның кейип, жан дүйнөң тарып, башыңа оор күн түшүп, бирөөнүн сунулган колуна зарыгып турганда, досуң келсе, колун гана сунбай, ийинин төшөсө - чыныгы достук ушул эмеспи", - деди Жылдыз Жолдошова.