Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 323

Бишкек, “Саясат.kg”. Саясат талдоочунун ушул жумада чыга турган “Майдан.kg” гезитине берген маегинен үзүндү

- Сабыр байке куш келипсиз. Кандайсыз? Ден-соолуктар, бала-бакыра, мал-жан аман-эсенби?

- Кудайга шүгүр. Эл катары.

- Учурдагы кырдаал тууралуу чакан талкуу кылсакпы деп турам. Шайлоодогу массалык мушташтар, “Баарына каршы” кыймыл, анан пандемиянын экинчи толкуну, кой-айга карабай аш-тойлордун уланып жатышы тууралуу. Ушул үч суроого кандай ойдосуз? “Баарына каршы” кыймылы тууралуу айтсаңыз?

- Мен алар менен жолугушуп, сүйлөшүп турам. Өткөндө “Достук” мейманканасына чогулушканда мени чакырышты. Бардым, уктум. Бакыт Калмаматов менен фойеде бир топ сүйлөштүк. Ага чейин да бир топ активдүү демилгечилери менен пикир алышкам.

Бул “Баарына каршы” дегендер негизги жок жерден чыга калышкан жок. Элге жек көрүндү болуп калган өткөн чакырылыштын депутаттарынын 90го жакыны кайрадан шайлоого аттанганына нааразы болгондор көп болуп, соцтармактардан үн чыгарып жатат.

Бирок алар уюшулбаган, чачкын... Шайлоо бюлетениндеги 17-графа да көпчүлүктү козутуп, шыктандырып жатат. “Против всех” жеңип, кайра шайлоо болсо “чимкириктердин” жолун бууйбуз, кайра чыгышса кайра да против кетебиз деп турушат. Анан ушу “Каршы” деп уюшкандар биригип, кайра шайлоо болсо катышабыз деген ойлору бар.

Булар ошол чачкын каршыларды бириктирип, массалык кыймылга айландырууну көздөп жатышканын ачык байкалууда. Элдин көңүлүн өзүлөрүнө буруш үчүн катуу аракеттерди көрүүгө белсенишип, бийликти катуу сындап, чечкиндүү оппозиция образын жаратууга аракеттенишип, Ала-Тоо аянтында мөөнөтсүз митинг да жарыялашты.

Шайлоого аттанган 16 партия негизинен шайлоонун үгүт иштери менен алек. Бийликчил, акчалуу деген партиялар, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Республика сыяктуу тажырыйбалуу, электораты бар партиялар буларга анча көңүл буруп, убакыт коротпой өз иштери менен алек.

5 миллион сом шайлоо күрөөсүн эптеп чогулткан “Реформа”, “Ордо”, “Чоң Казат” сыяктуу майда бечек партиялар бул “Баарына каршы” кыймылынын демаршына ичтери чыкпай, “оппозициялык маанайдагы, бизге добушун берчү электоратты тетири айдап жатасыңар, бийликтин проектисиңер, жалган оппозициясыңар” - деп катуу нааразы болуп, ич күптүлөрүн эфирден ачык айтышты.

Бирок “бийликтин проектисисиңер” деген жери түк коошпой калды. Мөөнөтсүз митинг баштап, шайлоонун артын “шаңга” бөлөп, беларусь сценарийин кайталап, саясый туруктуулукту бузуп, тополоң салуу ниеттери ачык байкалып турган топту кантип бийликтин проектиси дейбиз?

“Баарына каршылар” болсо: “Силер баары бир өтпөйсүңөр, андан көрө бизге кошулгула, чогуу каршы чыгалы”- дешсе, же  беркилери болбойт: “- Силер кечигип шайлоого кирбей калгандар экенсиңер, элди курдан бошко козутуп, кайра шайлоо болуп калса кошулуп калабыз деп жеке кызыкчылыгыңар үчүн тытынып жатасыңар, кайра шайлоо болбойт, куру убара, “Баарына каршы” жеңбейт, уюшуп үлгүрө албайсыңар, бизге эле кедергиңер тиет”- дешип өпкөлөрү кара казандай.

“Баарына каршыларды” кыймылга айлантууну көздөгөндөрдүн башында турган Бакыт Калмаматов, Эркин Бөлөкбаев, Токтайым Үмөталиева, Ташболот Балтабаев, Туратбек Мадылбеков, Кубанычбек Исабеков, Сагынбек Абдырахманов ж.б. чындыгында эле бул шайлоого аттануу ниеттери болуп, бирок ар кандай себептерден улам тизмелерге кирбей калгандар экендиги да чын болгондуктан Клара Сооронкулова, Бектур Асанов сыяктуу саясатчылардын, Асланбек Сартбаев, Нургазы Анаркулов сыяктуу саясый серепчилердин сөзүнө да ынанбай койо албайсың.

Биздин өлкөдө кырдаал өтө опурталдуу... Карыз чачтан көп, төлөө мөөнөттөрүнүн оор этабы келип калды. Кытай бул жагынан карызын доолап коколоп, темир жол проектиси жылбай, тиягыбыздан Орусия “кытайга ыктап көр” дегенсип кыр көрсөтүп жатат, АКШ менен Батыш Беларусь сценарийин Ала-Тоого көчүргүсү келип, биздин мамлекетке эле абдан кыйын болуп бара жатат.

Сырттан жоо келегенде кокту, коктудан куюлуп түшүп,  бир муштумга бириге калган кыргыз кайда? Бири кытайга кул кылууга куштар болуп акча сапырып, башкасы океандын ары жагынан бакыт издеп... 

Экономикалык абалга байланыштуу да элдин кабагына кар жаап турат. Кеги барлар менен, так талашкандар ички тышкы кырдаалдан пайдаланып тополоң кылып болсо да бийликти алсак деп белсенип турат.

Мындайда Кудайдан бейпил жашоо тиленип, мамлекет башчынын тегерегине бир муштумдай түйүлүп ынтымакта болбосок чачыратып, бирибиз Алтайга, бирибиз Каңгайга куулуп кетишибиз толук мүмкүн...

Ошентип айтсаң эле Сооронбай Жээнбековду сындагандар четтен чыгат. Ой жаманбы, жакшыбы, каалайбызбы, каалабайбызбы(?), ал 2023-жылга чейин шайланган Кыргыз Республикасынын президенти да. Башка жок. Ал жок болсо легитимдүү бийлик жок, 2005, 2010- жылдардагыдай тополоң бардак башталбайбы. Бизге ошол керекпи? Курсак тоёт, жыртык бүтөлөт, бир күнү. А мамлекеттүүлүк деген табылбайт, бир жоголсо. Ушуну эстен чыгарбашыбыз керек!

Суроо салган

Гүлмайрам Коргонбаева