Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 127

Кечээ, 22-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Жунусов аттуу жарандын арызы каралды.

Ал «Мекеним Кыргызстан» партиясы балдарга балмуздак жана момпосуй таратып, муну менен добуштарды сатып алып жатканын билдирген.

Даттануучу партияга чара көрүүнү суранып, видео жана сүрөттөрдү берген.

«Ошондой эле укук коргоо органдарына аталган партияга чара көрүү жөнүндө арыз түшкөн. Жумушчу топ арызды карап чыкты. Жазык кодексине ылайык, шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы сотко чейинки өндүрүшкө алынат. Добуш сатып алуу фактысын далилдөө үчүн жумушчу топ материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүүнү сунуштайт», - деди БШКнын арыз жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу тобунун өкүлү.

БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун корутундусун колдошту.

Булак: Баракелде