«Ыйман нуру» партиясынын тизмесинен 2 талапкер чыкты
Кечээ, 22-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Ыйман нуру» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен 2 адамды чыгарды.
Партиянын талапкерлеринин тизмесинен Дамира Молдоярова жана Фархат Юлбасаров чыккан.
Молдоярова талапкерлердин тизмесинде №23 орунда болсо, Юлбасаров №58 орунда болчу.
Булак: Баракелде