Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 238

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жаңы-Арык айылына барды. 

Чындыкты айтпай, жалганды ашырып жүрүп, “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” акыбалына туш болдук. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Добуш сатуу деген жаман оору Кыргызстанды каптады. Кайсы жерге барба, добуш сатылып жатканын угуп жатабыз. Ачык айтыш керек, айтпай жүрүп ушул абалга келдик. Бири бирибиздин бетибизге карап күлүп, артыбыздан ар кандай жоруктарды жасабастан, түз бололу. Добуш саткандар – мамлекеттин чыккынчылары! Мамлекетти уратууга ниеттенгендер, балдарыбыздын, мекенибиздин тагдырына балта чапкандар! Кайсы бир жерде “Акчаны алсаң да аласың, албасаң да аласың, добуш бересиң”, - деп коркутуп жатышкан имиш. Паспорттордогу маалыматтарын сурап шайлоочулардын артынан чуркагандар да бар экен. Алар 4-октябрга чейин гана чуркашат, 4-октябрь саат кечки сегизден кийин керегиңер жок болот. Ошондуктан, коркпостон өз тандооңорго басым жасагыла. “Паспортуңдун маалыматын алдым, тизмеге жаздым, эми мен айткан партияга добуш бербесең болбойт”, - деп коркуткандар калп айтат. Алар тизмени коррупционерге көрсөтүп, силердин атыңардан акча алыш үчүн түзүштү. Шайлоодо кабинага киргенден кийин силерди эч ким көзөмөлдөй албайт, кимге добуш бересиздер – эрк өзүңүздөрдө”, - деди Камчыбек Ташиев.