Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Гүлчө айылына барды. 

 

Эл ырыскысына кол салгандардын орду түрмөдө болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Алай районунун Гүлчө айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Биздин башкы урааныбыз – бийлик элге, уурулар түрмөгө! Коррупционерлердин акчасы түгөнбөйт экен, алар болгон каражатын чачып, болгон күч-аракетин жумшап парламентке келүүгө аракет жасашууда. Анткени алар былык иштеринин, эл ырыскысына кол салган кылмыштарынын жазасынан парламент сактайт деп ойлошот. Биздин программабызда  коррупционерлерге өлүм жазасын киргизүү каралган. Өлүм жазасы менен гана мамлекетибизди уурулардан, тойбогон ач көздөрдөн коргоп калбасак, башка жол жок. Коррупционерлер менен катар наристелерге кол салган педофилдерди да өлүм жазасына чегерүү керек. Адамга адамдай, айбанга айбандай мамиле жасоого өтпөсөк болбойт. Өтө коркунучтуу кылмышкерлерге өтө оор жаза чегерүү менен биз тартип, мыйзам орногон мамлекетти кура алабыз”, - деди Камчыбек Ташиев.