Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 237

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Чоң-Алай районуна барды. 


Кыргызстан алсыз мамлекетке айланып баратат. Буга шайлоолордогу добуш сатуу ыкмасы  түздөн түз себепкер болууда. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 22-сентябрда Чоң-Алай районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Мамлекетти жок кыла тургандар, тамырына балта чаба тургандар өз күчүнө, элдин колдоосуна ишенбейт, ошондуктан добушту акчага сатып алууга басым жасашат. Кыргызстан жыл өткөн сайын коңшу мамлекеттердин жанында алсыз мамлекетке айланып баратат. Бир убактарда азыркыга салыштырмалуу күчтүү болчу, эли-жери бүтүн эле. А азыр эл чайпалды, чачырады, жерибиз кемиди. Жакында Москвага бардым, мигранттар менен жолугуштум. Ар биринин көзүндө үмүт, куса бар. Өздөрү Россияда болгону менен жүрөктөрү Кыргызстанда. Ар бири өз жерине келип жашоону, иштөөнү, балдарын мекенинде чоңойтууну каалашат. "Биз го мейли, болушубузча болдук, өлсөк сөөгүбүздү Кыргызстанга алып кетишет. А балдарыбыз кантет? Кыргызча сүйлөбөй калышты, кыргыздын үрп-адаттарын билбей чоңойуп жатышат. Булар кийин мекенге кайтышабы? Тил үйрөнсүн, кыргыздын кимдигин билсин деп айылга жылына бир жолу болсо да алып барганга аракет кылабыз", - дешти. Буга добуш сатып алып, бийликке келген, бирок жүрөгүндө кыргызга деген кымындай жакшылыгы жок коррупционерлер күнөөлүү. Акылы жок, эси жок кыргызды сатып алам деген дымактуулар күнөөлүү. Добуш сатып алып парламентке келгендер эч убакта элдин кызыкчылыгын жогору коюшпайт. Анткени, алар элдин колдоосун акчасы менен төлөп коюшту, андан башка жоопкерчилиги жок", - деди Камчыбек Ташиев.