Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 199

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Мады айылына барды. 

Мамлекеттин, элдин тагдырын президент өзү моюнуна алышы керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Бакыт Аманбаев Кара-Суу районунун Мады айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Парламенттик же президенттик башкарууга алып келебиз. Президент өзү премьер-министр да болушу керек. Мамлекеттин, элдин тагдырын моюнуна алсын. 120 депутаттын ичинен 75 депутатты калтырабыз. Алар да элдин элегинен өтүп, бир мандаттуу система менен шайланып келиши зарыл. Биз буга алып барчу мыйзам долбоорун ишке ашырабыз. Элдин ырыскысына арам колун салгандар өлүм жазасына тартылышы шарт. Бул да биздин программада каралган”, - деди Бакыт Аманбаев.