Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 221

Бишкек, "Саясат. kg".  17-сентябрда “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Лейлек районунун шайлоочулары менен Коргон, Кулунду айылдарында, Исфана жана Сүлүктү шаарларында жолукту.

“Ар кандай беренелер менен камалган саясатчылардын баары абактан чыгарылды. Паракору да, коррупционери да, мамлекеттик чыккынчысы да жаңы Кодекстин негизинде бошотулду. Бир гана Садыр Жапаров чыккан жок. Анткени, ал акыйкатсыздыктын алдында тизе бүгүүдөн, бийликчилерге духун түшүрүүдөн баш тартты. “Карапайым элимдин акыйкаттуулугуна ишенем, ошолор мени чыгарып алат”, - деп отурат. Сиздердин жардамыңыздар менен Садыр досумду түрмөдөн чыгарышым керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

“Мекенчил” саясий партиясынына Исфана шаарынын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштурууда жергиликтүү бийлик тарабынан тоскоолдуктар жаратылган. Андыктан жолугушуу талаада, дирижердук аппараттардын жардамы менен өттү. Мындан улам Камчыбек Ташиев президентке жана БШКнын төрайымына кайрылуу жасады:

“Урматтуу президент, сиз “бардык партияларга бирдей шарт түзүлсүн”,- деп айткансыз. Бирок, ага карабай Исфана шаарынын мэри, Лейлек районунун акими жана Баткен облусунун губернатору “Мекенчил” партиясынын эл менен жолугушуусунун шаар ичинде өтүүсүнө бут тосуп, бардык жерде электр энергиясын өчүртүп салышты. Мен сизден жана БШК төрайымынан жогоруда аталган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чара көрүүңүздөрдү суранам!”.

Камчыбек Ташиев чек ара маселесин чечүү “Мекенчил” партиясынын принципиалдуу багыты экендигин белгилеп өттү. “Коңшу мамлекеттер менен эмнеге мамилебиз салкындап жатат? Буга чек ара маселесинин бир жактуу чечилбегени себепкер. Чек ара маселесин Кыргызстандын эң приоритеттүү, маанилүү маселеси кылып мыйзам аркылуу бекемдеш керек. Чек арага жакын жашаган элдин жашоо-шартын жакшыртып, шарт түзүү менен коопсуздугун көзөмөлгө алуу зарыл. Биз ал турмак бул жер биздикиби, же коңшулардыкы - билбей калып жатабыз. Анын айынан канча ызы-чуу болду, адам өмүрүн алган окуялар коштоду. Биринчи, экинчи, үчүнчү президент да бул маселеге чекит кое алган жок. Мындан ары да кайдыгер карабай чечүүгө аракеттенишибиз шарт. Бул жер биздики, булар силердики, ушул чектен өтсөң мыйзам чегинде жазаланасың” деген так тартип керек. Чек так аныкталбагандыктан канча адамдын убалына калып жатабыз. Буюрса, биз, мекенчилдер, Кыргызстандын бир карыш да жерин бербейбиз!”,- деди К.Ташиев.

Камчыбек Ташиев добуш - элдин акча табуучу эмес, жаркын келечекти түптөөчү укугу экендигин да баса белгиледи. “Эрезеге жеткен ар бир жарандын бир гана добушу бар. Аны акчага сатып, анан шайлоодон кийин: “Аттиң ай, мен жалгыз добушумду балдарымдын келечеги үчүн бербестен, акчага сатып жибердим”, - деп өкүнүп калбагыла. Добуш сатып алууну каалагандар арам добушту алып, кайра арамдыкка барууга аракет кылып жатат. Беш миң, эки миң менен эч нерсе өзгөрбөйт. Баарыбыздын ырыскыбызды Алла Таалам берет. Кудайдын берген суусу түгөнсө топтогон байлыгыбыз арачы түшүп бере албайт. Тирүүбүзбү, жашап атабызбы, демек ырыскыбыз да түгөнбөйт. Ошондуктан, ынсап кылалы, келечекти акчага алмаштырбайлы. Добушту акчага сатып алгысы келгендер үйүндө жатышат, акчаны берип, айылдарды толугу менен сатып келгиле деп коюп. Эмне үчүн биз аларга добуш беришибиз керек? Чындык үчүн, таза келечек үчүн тандоо жасагыла”, - деди Камчыбек Ташиев.