Аширбаев билдиргендей, жаңжалда беш машине талкаланган.

20-сентябрь күнү кечинде Араван районунун Юсупов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда уруш чыгып, 12 киши денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага түштү. Алардын бирөөнүн абалы оор экени кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

«100гө жакын шайлоочу менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар менен үгүт кылып барган адамдардын ортосунда чатак чыккан. Баштапкы маалымат боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкери башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөй баштаган учурда чыр чыгып кеткен. Мушташ 10-15 мүнөт уланган. Учурда абал тынч. Бир жабырлануучунун абалы оор деп айтылууда», - деди Аширбаев.

Аширбаев билдиргендей, жаңжалда беш машине талкаланган. Араван райондук милициясы окуя боюнча ишти Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн (жашы жете электер эки жыл алты айдан төрт жылга чейин, ал эми башка тараптар беш жылдан жети жыл алты айга чейин эркинен ажыратылат) негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү башталды.
Учурда мушташка катышкан 10 адам кармалып сурак берүүдө. Калган 12 киши ооруканада жаткандыктан суракка кийин чакырылат. Араван РИИБинин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Ош облустук милициясы «Мекеним Кыргызстан» партиясы шайлоочулар менен жолугушуу туурасында алдын-ала маалымат бербегенин кошумчалады.

Булак: Азаттык