Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 200

Бишкек, "Саясат.kg". “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Бакыт Аманбаев Араван районунун шайлоочулары менен болгон жолугушууда парламенттик шайлоого бараткан 16 партияны үч топко бөлдү.

“Учурда ат салышып жаткан 16 партияны үч топко бөлсө болот:

1. Чоң топ – коррупционерлерден куралган бийликтин партиялары. Соңку 30 жылда бийликтин башында болуп, улам президент алмашкан сайын өздөрүнүн позициясын 180 градуска буруп, акча берип, жаңы президенттин партиясына киргендер. Кошоматтык кылып, бийликке, болгондо да эң кирешелүү тармактардын башына конгондор. Өздөрүнүн коррупциялык механизмин орнотуп, кыргыз элинин канын кактап соргондор.

2. Соңку он жылда бийликте болуп, элди алдагандар. 2010-жылдагы революциядан кийинки элдин үмүтүн уурдагандар. Кыргыз эли алардын куру убадаларына ишенип, келечегин тапшырган, тарыхта сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүктү берген. Бирок элдин үмүтүн, ишенимин өз кызыкчылыгына алмаштырышты. Эл берген мүмкүнчүлүктү байлык топтоого пайдаланышты.

3. Жүрөгүндө эли-жерине болгон бийик сезими барлар. Булардын колунда бийлик, чөнтөгүндө ашыкча акча жок. Бирок патриоттук духу күчтүү. Элдин, мекендин тагдырына кайдыгер карабагандар. Бул топко биздин “Мекенчил” партиясы да кирет!

Партиялардын бардыгы тең сиздердин добушка муктаж. Бирок ошол добушту, мүмкүнчүлүктү ар кимиси ар башкача пайдаланышат. Сиздер жаңылбоого милдеттүүсүздөр. Ар бирибиздин, балдарыбыздын келечеги бүгүнкү тандообуздан көз каранды болоорун унутпаңыздар”, - деди Бакыт Аманбаев.