Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 354

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Араван районуна барды. 

Мамлекеттин тагдырын мекенчил инсандар түздөйт. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Курманкул Зулушев Араван районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Мекенчил” партиясын мамлекет, улут дегенде күйүп-жанган Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров негиздеген. Садыр Жапаров “Кумтөр” элге өтсүн, алтындын пайдасы мамлекетке калсын”- деген мекенчил аракетинен улам азап-тозок көрүп абакта жатат. Мекенчил уулдарды мекенчил күчтөр колдобосо болбойт. Сиздерде партиянын программасында эмне айтылган, тизмедеги талапкерлер эмнени өзгөртө алаар экен, же көнүмүш болуп калгандай куру убадалар менен парламентке жетип алууну көздөшөбү деген ой пайда болушу мүмкүн. Биздин программа – куру убада эмес, реалдуу мүмкүнчүлүктөр! Башка партиялардыкынан айырмасы – мамлекеттик системаны алмаштырууга умтулуу! Азыр жаштар, жаңы күчтөр деп алдаган партиялар бар, алдына беш-алты “куурчакты” коюп, кнопкасын эски күчтөр өздөрү кармап отурушат. Өздөрүн оппозициябыз деп атагандар – катарына мамлекетти тоногон мурунку аткаминерлерди кошту. А “Мекенчил” - катары таза, мамлекетке бир да зыянын тийгизбеген, бирок пайдасы чоң инсандардан куралды. Биз – мамлекетти кыйынчылыктан сууруп чыгарууну гана башкы максат кылдык!” – деди Курманкул Зулушев.

       

        

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү