Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 228

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ноокат районуна барды. 

Дүйнө жүзүндө өзүнүн жерине, мекенине жете албаган улуттар көп. Кыргыздардын бактысы – мамлекети бардыгында. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Биз баарын өз ордуна койгонго убакыт келди. Дүйнө жүзүндө 80 миллион дунган жашайт – өз жери, мамлекети жок. 140 миллион уйгур калкы ар башка мамлекеттерде өмүр сүрүшөт. 200 миллион күрд улутунун мекени жок. 6 миллион кыргыздын керемет жерди ээлеген, мамлекети, туусу, герби бар. Кыргыз, ойлон, сенин башка мекениң жок! Ата-бабаларыбыз жерибизди басып алабыз дегендер менен кармашкан, жанын аяган эмес, курман болушкан - бирок мекенибизди бүтүн бойдон бизге калтырышты. А биз анын бир метр жерин азайтпастан урпактарга өткөрүп беришибиз керек. Туура тандоо жасабасак, акчага алданып, добушубузду сатсак мамлекеттүүлүгүбүздү сактап кала албай калабыз. Эртең урпактарга эмне деп жооп беребиз?! Силердин келечегиңерди акча үчүн “ичтен чыккан ийри жылан” коррупционерлердин, өз элинин чыккынчыларынын колуна карматканбыз дейбизби?!” – деди Жылдыз Жолдошова.

      

                                                                                                            

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү