Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 345

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ноокат районуна барды. 

Бажыдагы уурдалып жаткан акчалардын мамлекеттин казынасына кайтаруу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Ноокат районунун Майдан айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Биз бажыдан уурдалып, бир кишинин чөнтөгүнө кетип жаткан акчаларды мамлекеттин казынасына кайтарабыз. Ал жактан бир айда 15 миллион доллар уурдалат экен. Сомго айлантканда 936 миллиард сом экен. Бул акчага ай сайын заманбап, 320 орундуу 15 мектеп курса болот. 15 чоң оорукана курууга мүмкүн. Ошондуктан, бажыдагы башаламандыкты токтотуу керек. 

“Мекенчил” партиясынын өзгөчөлүгү – элдин үнүн тиешелүү тарапка жеткирип гана койбостон, мамлекеттик деңгээлде реформа жүргүзөт”, - деди Жылдыз Жолдошова.

           

           

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү