Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 214

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кызыл-Кыя шаарында. 

Адамзат жашоосуна келип жаткан сыноолор кайсы бир туура эмес кылыгыбыздын кайтарымы. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын талапкери Жылдыз Жолдошова Кызыл-Кыя шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Адам баласы же Кудайдан коркушу керек же мыйзамды сыйлашы керек. Жашоодо кызыл чийин деген болот, ошондон ашып кеткенде Кудайдан эскертүү келет. Мына, коронавирус. Европада эмнелер болуп жатканынан кабардарбыз, адамзаттын баалуулугу башкага алмашты. Жараткан кичинекей бактерияны жиберди, сыноо катары. Кечээ эле кандай алааматка кез келдик, жаныбыз менен алышып, илдетти жеңүү эси-дартыбыз болду. Бирок бүгүн анын баарын унуттук, кайра эле добуш сатуу, сатып алуу аракетине чөмүлүп баратабыз. Добуш сатуу жана сатып алуу мыйзамга да, Кудайдын жолуна да каршы келет. Терс иштерди жасоодон оолак болуп, келечегибизди татыктуулардын колуна тапшыралы”, - деди Жылдыз Жолдошова.