Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 282

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Баткен районунун Көк-Таш айылында. 

Чек ара маселеси Кыргызстанда эң орчундуу маселе катары кабыл алынышы керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушууда билдирди. 

“Чек ара маселеси Баткен району үчүн өтө курч көйгөй. Чек ара маселеси - Кыргызстанда эң орчундуу орунда турууга тийиш. Чек ара чегинде жашаган элдин социалдык маселесине олуттуу көңүл бурулуп, чек араны делимитациялоо, демаркациялоо иштери соңуна чыгуусу зарыл. Чек ара чегин тактоо кечеңдегенинин айынан канча жаңжал орун алды, канча адам өмүрү менен кош айтышты. Мунун баары жоопкерчиликсиз аткаминерлердин айынан болууда. Алардын кесепетинен мамлекеттин аймагы тарып баратат. Жерди жоготконуң – мамлекетти жоготконуң. Биз бир метр жерибизди да башкага бербейбиз”, - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү