Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 252

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Баткен районуна барды. 

Мамлекеттик башкаруу бирдиктүү болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Баткен районунун Көк-Таш айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Пандемия дүйнөдөгү бардык мамлекеттерди кыйноого салды. Анын арасында Кыргызстан да бул илдет менен бет келишти. Дээрлик бардык жарандарга кесепетин тийгизип, ооругандар көбөйүп, эл алапайын таппай калды. Бири тамак-ашка, бири дары-дармекке, бири ооруканадан орунга муктаж болуп, кыйналып турган чакта өкмөт башчы отставкага кетип калды. Эл бийликти карап турган кез болчу, бул алааматтан бизди сактап калат деп. Бирок премер-министр арызын жазды да, кетип калды. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик?! Анын жоопкерчиликсиздиги ушул убакка чейин суралган жок. Ошондуктан Кыргыз мамлекетине бирдиктүү башкаруу керек. Президент шайландыбы – бардык милдетти жана жоопкерчиликти өзүнө алсын. Экономикага, элдин жашоо-турмушуна, коопсуздугуна өзү жооп берсин. Премьер-министр деген болбошу керек. Бийлик бирдиктүү башкарууга баш ийсин, эл ага ишенсин. Парламентке барып калсак, Конституцияга мына ушундай өзгөртүү киргизебиз”, - деди Камчыбек Ташиев.

            

                       

           

 "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү