Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 422

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Исфана шаарына барды.

“Мекенчил” саясий партиясы бүгүн, 17-сентябрда Исфана шаарынын шайлоочулары менен жолугушууга барган. Бирок жергиликтүү бийлик партия менен элдин жолугушуусун болтурбоого аракет жасаган. Андыктан жолугушуу талаада, дирижердук аппараттардын жардамы менен өттү. Мындан улам Камчыбек Ташиев президентке жана БШКнын төрайымына кайрылуу жасады:

“Урматтуу президент, сиз “Бардык партияларга бирдей шарт түзүлсүн”,- деп айткансыз. Бирок ага карабай Исфана шаарынын мэри, Лейлек районунун акими жана Баткен облусунун губернатору “Мекенчил” партиясынын эл менен жолугушуусунун шаар ичинде өтүүсүнө бут тосуп, бардык жерде электр энергиясын өчүртүп салышты. Мен сизден жана БШК төрайымынан жогоруда аталган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чара көрүүңүздөрдү суранам”, - деди Камчыбек Ташиев.

         

        

        

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү