Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 158

Добуш берүү күнүнө жыйырма күндүн тегерегинде убакыт калды.

Учурда үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Баягы, июнь-июль айларында болуп өткөн пандемия апааты тез эле эсибизден чыкты. Парламентке аттанган саясий партиялардын талапкерлери өлкөнү түрө кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруп, ар беш жылда кайталануучу убадаларды жарыша айтып жүрүшөт. 

Бул бизге көндүм көрүнүш. Бул шайлоодогу жаңы бир өзгөчөлүктү белгилеп коелу – бул жалаң олигархтардан куралган саясий партиялардын пайда болушу. Албетте, буга чейинки шайлоолордо деле олигархтар айрым партияларга кошулуп, бийлик бутактарына келип жатты. Бирок, бул жолкусунда алар дүңүнөн келе жатат. 

Бул жакшы көрүнүшпү же кооптуубу? Кепти башынан баштайлы. Тээ 1990-жылдарда олигархтар бийликке өздөрү келүүнү каалачу эмес. Алар болгону бийлик менен тил табышуу жолун туура көрүшчү. Жылдык, же бир айлык мөөнөттө «чотур» чыгарып берип туруу менен олигархтар өз ишмердүүлүктөрүн каалагандай өнүктүрүүнү колго алышчу. Ошондон улам «Мистер 10%» деген каймана атка ээ болгондор чыккан. 

Бара-бара олигархтар өздөрү акырындык менен бийликтин даамын татууга өтө баштады. Себеби, бийликте өзү боло турган болсо, анда эч ким менен бөлүшүүнүн кереги жок болот. Ошол эле убакта өздөрүнө ылайыктуу дагы башка бир топ ыңгайлуулуктар болот. 

Эгерде бийликке жалаң олигархтар топтолуп ала турган болсо, анда өлкөдө монополизация жүрөт. Кайсыл жерде кирешелүү иш боло турган болсо, ошонун баарын олигархтар өз кучагына ала баштайт. Себеби, алар атаандаштыкты сүйбөйт. Атаандаштыкка артыкчылыктар менен ээ болуунун ордуна, жөн гана тартып алуу, күч колдонуу сыяктуу кыска жолун тандашат. Ошентип монополизация болгон жерде эч качан чакан жана орто ишмкерлик өнүкпөйт. Алардын баары суу жетпеген дарактардай соолуй баштайт. Олигархтар үчүн майда-чүйдө дагы атаандаштардын кереги жок. 

Олигархтар үчүн өлкөбүздүн цивилдүү болушунун, мыйзамдуу жол менен өнүгүшүнүн кереги жок. Себеби, өздөрү мыйзамды айланып өтүү менен эбегейсиз байлыктарга ээ болгон. Алар ошону менен токтоп калгылары келбейт. Дагы да болсо мыйзамды айланып өтүү менен байлыктарынын үстүнө байлык кошуу максаттары бар. 

Бүгүнкү күндө олигархтардан куралган партиялар элге өтө чоң убадаларды тартынбай берип жатат. Акчанын күчү менен пиар жүрүштөрдү мыкты жасоодо. Акыйкаттык, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук тууралуу «жалындуу» сүйлөп турушат. Парламентке келишсе эле Кыргызстанда бейиштей жашоону түзөбүз дешет. Өнүккөн өлкөгө айлантабыз дешет. Эгерде ошондой максаттары бар болсо, анда алар мурда кайда эле? 

Же суроону такташтырып бере турган болсок мындай: «Урматтуу олигарх талапкерлер, силер уучтап турган байлыкты кандай жол менен таптыңар эле? Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында мамлекеттик мүлктөрдү талап-тоноого багытталган менчиктештирүүнүн, анан завод-фабрикалардын иштеп жаткан жабдууларын темир-тезекке айлантып Кытайга сатуу мененби? Же мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп, бюджетти айланып өтүп кеткен бажы, салык төлөмдөрүнүн эсебиненби?».

Дагы бир олуттуу суроо: «Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ушул жаңы түзүлө калган партиялар (олигархтардын) кандай иштерди буга чейин жасап келишти?». Бул суроого «Элге ун тараттык, май тараттык» деген жооптун кереги жок. Мамлекетти миллиондорго «саап» туруп, кайра эле азыраак бөлүгүн «күкүм» кылып чачып коюш эрдик эмес. Андан көрө азыр шайлоо алдында берип жаткан убадаларыңардын кайсынысынын азыраак болсо да ишке ашышына көмөк кылганыңарды айткыла. Мисалы, мугалимдердин, врачтардын айлык акыларын көтөрүү үчүн силерге окшогон олигархтардын салыкты, бажы төлөмдөрүн жаап-жашырбай, жең ичинен кылбай төлөгөндөрү маанилүү. Ушуну кыла алдыңар беле? 

Эгерде билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын оңолушун кааласаңар, анда заманбап мектеп, заманбап ооруканалардын курулушуна ушул күнгө чейин көмөк жасагансыңарбы? Силерде жетиштүү каражат бар эмеспи.   

Андай иштерди жасашкан жок. Тескерисинче, мамлекет оорукана, мектептерди кура турган акчаларды салык жашыруу, бажы төлөмдөрүн жашыруу (контрабанда) аркылуу өздөрүнө менчиктеп келишти. Андыктан олигархтар бийликке келсе, анда мамлекетибиз үчүн эч кандай утуш болбойт. Алар маңдай тер төкпөй, жандарын кыйнабай эле мамлекеттин бюджетине түшө турган акчаларды өздөрүнүн чөнтөгүнө бура берет. Парламентке келген олигархтардын баары өлкөдө кандай товар жүгүртүлсө, ошонун баарын өзү гана саткысы келет. Ошентип орто ишкерликти ойрон кылышат. Өлкөдөгү бардык базарларды, соода борборлорун монополдоштурат. Алардан бөлөк майда ишкерлер соода-сатык жүгүртө албай калат. Натыйжада баалар асман чапчыйт. Ал карапайым элдин чөнтөгүнө зыян алып келет. Жашоо оорлошот. 

Демек, кандай жашоону тандай турганыбыз өз добушубуздан көз каранды. Элдин жашоосун оңдой тургандарды, мамлекетти өнүктүрө тургандарды тандап, бакубат жашайбызбы же акчасына чиренген олигархтарга алданып, төбөбүзгө чыгарып алабызбы? Муну 4-октябрдагы жыйынтык көргөзөт.

Булак: media-center.kg