Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 1083

"Мекенчил" партиясына кошулган мекенчил жигит.

Мекенчил жигиттин мурдагы “Ата-Журт” партиясынын жетекчиси экс- депутат Камчыбек Ташиевдин бул жолку шайлоого “ Мекенчил” партиясын түзүп келүүсүнө “Майдан” гезитинин баш редактору, газет ээси Нургазы Анаркулов инимдин партиянын катарына кошулгандыгын угуп чыныгы мекен, эл-жер үчүн күйүп бышкан, мекенчил жигит келди деп кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Бир эле мен акеси катары жерге сууга батпай сүйүнбөгөндүрмүн. Апта  сайын чыкчу “Майдан” гезитинин бүтүндөй окурмандары мен кубанган сүйүнүчтү айтып,  каалоо- тилектерин билдирип сүйлөп жатышкандыр, “Мекенчил” партияга мекенчил жигит Нургазы Анаркулов келди",- деп. Кантсе да таланттуу, иш билги инсан, саясаттын оң, терс жактарын “Майдан” гезити аркылуу чагылдырып гезит окурмандарынын алкоосуна ээ болуп,  гезит тиражы жыл өткөн сайын арбып,  “Майдан” гезитинин чыгышын чыдамсыздык менен күткөндөр канча.

Баш редактордун таланттуу журналист экендигин анын “Майдан” гезитинин жарык көрүшүнө дейре “Кыргыз Руху”, “Аалам”, “Слово Кыргызстан” гезиттеринде, “Кабар” агенттигинде такшалып, тажырыйбасын арттырып отуруп анан өз алдынча иштөөгө белсенип, көптөн бери көкүрөгүндө баккан оюн “Майдан” гезитин түзүү менен иш жүзүнө ашырганынан билүүгө болот. Мына эми дээринде бар,  мекени үчүн, анда жашаган кыргыз эли үчүн көп жылдык таланттуу журналисттик иши аркылуу саясаттын терс көрүнүштөрүн жашырып- жаппай айтып, оң жактарын купулга толоорлук кыла жарыялаган жигит депутаттыкка аттанды. “Башка гезиттер айталбаганды “Майдан” айтат. Редакторлордун мырза жигити Нургазы Анаркулов. Жигиттин дээринде тайманбаган кайраттуулук анын коркуп, үркпөгөн материалдарынан көрүнүп турат”,- дешет. Чынында деле айтаарга татыктуу, кеп кыларга арзылык иштерди “Майдан” гезити аркалуу эл-журтунун көйгөйлүү маселелерин айтып турууга жигиттик дараметин жумшап келди, мындан ары да аткарар иштеринен көптү үмүттөндүрөт. Бул жолку парламенттик шайлоого ар кандай партиялардын катарына жаштарыбыздын катышып, ат салыша өздөрүнүн кимдигин, жөндөм -аракеттерин көрсөтүп жатышкандыгы дагы кубандырат. Мына ошолордун бири айтаарга, сөз кылганга арзылык мекенчил иним  - Нургазы Анаркулов. Демек, мекен келечегине шагдам кадам таштап, өзүнүн эртеңкисине, келечегине такшалып, элдин жүгүн аркалоого, аткарууга даяр экендигин “Мекенчил” партиясына өтүү менен далилдей алды. Демек, жаштарыбыздын талыкпаган эмгек жолунда бышып жетилгендиктерин көрсөтүп жатышат. Жумурай кыргыз журтчулугу колдоого гана алышыбыз керек.

Мен Нургазы инимди 1999- 2000- жылдардагы Баткен коогалаңына катышып,  барымтага кетишкен, райондук аким баш болгон геологиялык чалгындоодо жүрүшкөн жапан геологдорунун туткундалышынан кабар алган кезинен  жакшы билем. Ал өзз өмүрүн тобокелге салган жолугушууга барып, Баткендин башына түшкөн коогалаңдуу мүшкүлдү кошо тартып, журналисттин ой толгоолорун, кабарларын гезит беттерине байма бай жарыялап, коркуп- үрккөн карапайым Баткен элине колуна курал кармабаса да, сөзү менен, өзүнүн элге аралашып жүргөнү менен дем күч берди. Баткендин социалдык абалына, элдин жашоо турмушуна мекенчил уул катары дайыма көз сала, журналистик сөзү менен жардамга барып келет.  Баткен эли: “Нургазы уулубуз маселебизди  жогору жакка калеми менен жеткирет”, - дешет. “Мына мобул  иштерибизди бүткөрүүгө жардам берди”, - деп ооздорунан түшүрүшпөйт. Мен деле Нургазынын “Майдан” гезитинин окурманы катары, анын ар бир чыккан гезитин окуп, андагы элдин тагдыр- таалайынын жакшы- жаман жактарынын чагылдырылып турушунан кабардар боло, “Азамат Нургазы, биздин Нургазы”, - деп турчу элем, эми бул сөздөр менен бирге “Мекенчил иним Нургазы”, - деп атай баштадым. “Болоор жигит жүрүм -турумунан, аткарган ишинен, кабагым- кашым дебеген мүнөзүнөн дайын” дегендей,  баштагандан кийин таштап койбой Нургазы инимдин элдин шамчырагы болгон “Майдан” гезити көп жылдардан бери окурман адамдардын колунда. Нургазы иним жөнүндө дагы да сөз кыла саймедиресем болот. Айтаарым, инимдин багы ачылсын, Нургазынын кимдигин “Майдан” гезити аркылуу билген окурман журтчулугуна айтаарым, келиңиздер ушу жүрөгүн гезити аркылуу мекенин гүлдөшүнө арнаган мекенчил жигит Нургазы Анаркуловду колдоп берели. Ишеним менен айтаарым,  “Мекенчил” партиясына ар кандай ишке жөндөмдүү мекенчил жигит келди,  колдоп берели.

 

Мурзапар Үсөн алб Мервани, жазуучу

Булак: "Майдан. kg" гезити