А. Сыргабаев: "Мекенчил" саясий партиясында кыргыздын мекенчил уул-кыздары чогулган. 

Абсатар Сыргабаев  44 жашта. “Мекенчил” саясий партиясынын курамында парламенттик шайлоого катышканга чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүн жетектеген. Эки жогорку билимге ээ: экономист жана юрист.

-“Мекенчил” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун айланасына кыргыз элинин мекенчил жана таза уул-кыздары кошулуп жаткандыктан, мен ушул партияны тандадым.

Эрте жашымдан эле адам баласына эң биринчи терең билим алуу зарылдыгын түшүнгөм. Кыргызстанды алдыңкы өлкөлөрдүн катарынан көргүбүз келсе, мекенибиздин гүлдөп-өнүгүшүн кааласак, ар бирибизде бир башкы салым – жеткиликтүү билим алуу тураарын билем. Бул жаатта максатыма жеттим, бирок ошону менен токтоп калбай дайым изденүү үстүндөмүн. Билим алган сайын кудукту тереңирээк казууну көздөп, жандүйнө илим-билимге умтулуп калаарына көзүм жетти. Жаш муундарга биринчи айтаарым – Кыргызстаныбызды сабаттуу адамдардын өлкөсүнө айлантууга ар бириңер салым кошо аласыңар. Сабаттуулар көп жерде жаңылыштыкка орун аз калат.

Мен кыргыз жараны катары мамлекетте болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмесмин. Буга чейин бир топ мамлекеттик кызматтарда иштедим, Финансы полициясында, Москвадагы Кыргызстандын элчилигинде эмгектендим. Тажрыйба топтодум, ар кайсы маселелерди чечүү ыкмаларына көзүмдү каныктырдым. Менин башкы түшүнгөнүм – Кыргызстаныбыздын эң чоң ийгилиги, анын көз карандысыздыгы, эгемендүүлүгү. Дүйнө жүзүндө канча улут өз мекени жок жүрөт. А биздин Кудай берген жерибиз, ата бабабыздан калган мамлекетибиз бар. Биз ушуга сыймыктанышыбыз керек. Кейигеним – мамлекетибизде кадр саясатына орчундуу көңүл бурулбай жатканы. Мыкты, терең билимдүү жаштарыбыз жумушсуз калып, алардын ордун тааныш-билиштик менен жетиштүү жөндөмү жоктор ээлегени өкүндүрөт. Бирок келечекте бул кемчиликти жоюуга, кадр тандоодо анын билими менен жөндөмү негизги орунга чыгаарына ишеним артам. Ал үчүн баарыбыз биргеликте аракеттенишибиз керек. Парламенттик шайлоодо добушубузду соодага салбай, татыктуу партияны тандоо менен биз бул жолго багыт алган болобуз.

Айыл өкмөтү – эл менен иштеген, элдин көйгөйүнө жакын, демек мамлекеттин туурун кармап турган структура. Мен айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген жылдарда өзүм үчүн мурда баамдап-билбеген көп нерсени ачтым. Карапайым калктын маселесине сүңгүдүм. Аймактарды өнүктүрүү аркылуу мамлекетти алдыга жылдырууга болооруна ынандым. Элге кантип шарт түзүү керектигин билдим. Айыл өкмөттөрдүн экономикасы – бул мамлекеттин күзгүсү. Биринчи кезекте аймактарды бутуна тургузуу мамлекеттин башкы максаты болууга тийиш.

Парламентке барууга билимим, тажрыйбам жетиштүү экенине ынангандан кийин гана шайлоого аттанууга бел байладым. Эл көйгөйү бизге тааныш, андыктан бардык күчүбүздү калкыбыздын бакыбат  жашоосуна арнайбыз.

Булак: “Майдан. kg” гезити