Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо

Республикалык штаб 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоого карата калкты COVID-19 илдетинен коргоо жана санитардык коопсуздукту сактоо боюнча алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык:

— Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогун жана иш орундарын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп, каражаттарды колдонуу менен дезинфекциялоо иштерин жасоо;

— Ар бир шайлоочунун идентификациялык жабдуусун дезинфекциялоо;

— Кирип келе жаткан жерге колду тазалоочу санитайзер, же башка каражат орнотууну, ошондой эле жооптуу адам тарабынан байланышсыз термометрия менен келген жарандардын дене табын текшерүүнү камсыздоо;

— Бет капты, кол капты жана башка жеке коргонуучу каражаттарын шайлоо участогунун мүчөсү жана келген жарандар милдеттүү түрдө колдонуусу керек;

— Адамдар арасында 1,5-2 метрден кем эмес социалдык аралыкты сактоо;

— Шайлоо участогунда шайлоочулардын бет кап тагынуусу абзел;

— Эмерек жана техникалык жабдуулар бири-биринен 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгашышы шарт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 44 миң 999го жетти. Андан айыккандардын саны 41 миң 103. Илдеттен 1 миң 63 адам каза болду.

Булак: Маралфм