Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу максатында 19-сентябрга чейин бардык тейлөө борборлору саат 20:00гө чейин иштеп жатат.

Маалыматка ылайык, бул алдыдагы парламенттик шайлоого карата жарандардын добуш берүү укугун пайдалануусуна шарт түзүү.

Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, Бишкекте калкты тейлөөчү алты борбордо, Ош облусунда үч, Жалал-Абадда үч, Баткенде эки, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында бирден тейлөө борборлорунда жарандар биометрикалык маалымат тапшыра алат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-сентябрдагы маалыматында парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 кишинин тизмеси такталганын билдирди.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган.

Булак: Азаттык