Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 191

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылына барды. 

Добуш – элдин акча табуучу эмес, жаркын келечекти түптөөчү укугу. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 14-сентябрда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Эрезеге жеткен ар бир жарандын бир гана добушу бар. Аны акчага сатып, анан шайлоодон кийин: “Аттиң ай, мен жалгыз добушумду балдарымдын келечеги үчүн бербестен, акчага сатып жибердим”, - деп өкүнүп калбагыла. Добуш сатып алууну каалагандар арам добушту алып, кайра арамдыкка барууга аракет кылып жатат. Беш миң, эки миң менен эч нерсе өзгөрбөйт. Баарыбыздын ырыскыбызды Алла Таалам берет. Кудайдын берген суусу түгөнсө топтогон байлыгыбыз арачы түшүп бере албайт. Тирүүбүзбү, жашап атабызбы, демек ырыскыбыз да түгөнбөйт. Ошондуктан, ынсап кылалы, келечекти акчага алмаштырбайлы. Добушту акчага сатып алгысы келгендер үйүндө жатышат, акчаны берип, айылдарды толугу менен сатып келгиле деп коюп. Эмне үчүн биз аларга добуш беришибиз керек? Чындык үчүн, таза келечек үчүн тандоо жасагыла”, - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды