Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Сокулук районуна барды. 

Электр энергиясындагы мафия элди билгизбей тоноого шарт түзүп жатат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 14-сентябрда  Сокулук районунун эли менен жолугушууда билдирди.

-Союздун курамындагы өлкөлөр арасында эң арзан электроэнергия биздин өлкөдө өндүрүлөт. Бирок элге саткан баасы кымбат – 2 сом 16 тыйын. Элден ашыкча топтолгон акчалардын баары кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатат. Мындай кылуу элди билгизбей тоноо болуп саналат.  Бул мафияны токтомойун өлкөнү өнүктүрө албайбыз. Мейли, эл 2 сом 16 тыйындан деле төлөй берет. Мейли, үч сом кылса да көтөрөбүз. Бирок, анда пенсияларды 50 миң кылышсын, жөлөкпулду 30 миң, айлык акыны 100 миң кылышсын. А азыр пенсия беш миңдин тегереги, жөлөкпул үч миңдей, айлык акы он беш миң. А электр энергиянын баасы – 2 сом 16 тыйын. Бул эмне дегендик? Биз муну мыйзам кабыл алуу менен токтотушубуз керек. Биздин максат – жөнөкөй элдин укугу тебеленбесин, коомубуз өзгөрсүн, жашш-шартыбыз жакшырсын деген тилек”, - деди Камчыбек Ташиев.