Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 131

Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады.

Жогорку Кеңешке шайлоого чет өлкөлөрдө 44 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен биринчи жолу Россиянын Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда да ачылган.

БШК мигранттардын шайлоо укугуна байланыштуу суроолоруна жооп берет.

1. Шайлоочулардын тизмесине кантип кирсем болот?

— Кыргыз жараны биометрикалык каттоодон өтүп жана жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүктө же консулдук мекемеде консулдук каттоого турган адам автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

2. Кантип консулдук каттоого тура алам?

— Консулдук каттоого туруу үчүн документтердин топтомун жыйнап алып чет өлкөдөгү мекемеге ар ким жеке өзү келиш керек же КРдин чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук сайтына сканирленген документтерди же Тышкы иштер министрлигинин порталына — https://mfa.gov.kg «Консулдук каттоо» маалыматтык системасы менен жөнөтүү керек.

Жарандардын шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты «Тизме» http://www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу шайлоо учурунун убактысында КР дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин аймактарындагы шайлоо участокторунан билүүгө болот.

3. Консулдук каттоого туруу үчүн акы алынабы?

— Консулдук төлөмдөр консулдук каттоого тургандыгы үчүн алынбайт.

Консулдук каттоо жана биометрикалык каттоодон өтүү процедуралары боюнча толук маалыматты https://shailoo.gov.kg/ru/golosovanie-za-rubezhom/materialy/ шилтемеси аркылуу кирип билсе болот.

4. Мобилдүү топ эмне иш аткарат?

— Чет мамлекеттерде жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга жардам берүү үчүн мобилдүү топтор ишин баштады. Мобилдүү топтор алдыда турган парламенттик шайлоолорду уюштуруу иштери, анын ичинде жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү, чет өлкөлөрдө жайгашкан даректер жана шайлоо участокторунун саны, жарандарды консулдук каттоого коюу, биометрикалык каттоо боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин аткарат.

5. Алар кайсы өлкөдө жана шаарларда иш алып барат?

— Мобилдик топтор шайлоо участкалары түзүлгөн шаарларда иш алып барат. Чет өлкөдөгү шайлоо тилкелери «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана мамлекеттик органдардын өкүлчүлүктөрүндө Тышкы иштер министрлигинин сунушу жана аккредиттелген мамлекеттер менен макулдашуу боюнча түзүлөт.

6. Мобилдүү топтор качан ишин баштайт?

— Алардын ишин эрте баштоосу пландалган, бирок пандемия шартында авиакаттамдардын жабыктыгынан улам, топтун чыгуусу рейстердин ачылышына жараша уюштурулат. Биринчи мобилдүү топ ушул жылдын 22-августунан 28-августка чейин Түркиянын Бурса, Измир, Бодрум, Анталья, Анкара жана Стамбул шаарларында мекендештер менен жолугушуп, биометрикалык каттоо жүргүзгөн. Ал эми 4-7-сентябрда АКШнын Чикаго жана Сан-Франциско шаарларында, 5-10-сентябрда Италиянын Неаполь, Болонья жана Кальяри шаарларында биометрикалык каттоо өткөрдү.

12-сентябрдан тарта мобилдүү топтор Россияда иштей башташты. Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Челябинск шаарларында жолугушуулар болуп өттү.

7. Мобилдүү топтордун кезектеги жолугушуусу кайсы шаарда өтөт?

— Россиянын шаарларында пландалган кезектеги жолугушуулар:

14 -сентябрда Курган шаарында
14-сентябрда Хабаровск шаарында
14-же 15-сентябрда Москва шаарында
15-сентябрда Казань шаарында
15-сентябрда Тюмень шаарында
15-сентябрда Южно-Сахалинск шаарында
16-сентябрда Сургут шаарында
16-сентябрда Владивосток шаарында
17-сентября Якутск шаарында өтөт.

Булак: 24.kg