Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Москва районуна барды. 

Добуш сатып алгандар мамлекеттин чыккынчылары. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн,14-сентябрда Москва районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

“Мамлекеттин кызыкчылыгын сатып, кыянаттык кылган адам кылмышкер болуп саналгандай эле, добуш сатып алууга ниеттенгендер да – кылмышкерлер. Аларга кылмышкердей мамиле жасообуз керек. Ошондо мамлекетке туура адамдар келип, коом өзгөрөт. Кээ бир депутаттарды көрдүк, баракка жазылган докладды туура окуп бере албайт. Кээ бири трибунага чыгып эки ооз сөздү эптештире албайт. Анан ушуларды кантип депутат деп атоого болот? Акчага алданбай, туура тандоо жасасак, парламентке билимдүү, патриот курам келет, биз ошондо булар биздин депутаттар деп сыймыктанабыз.

Добуш сатып алуу пандемиядай эле каптады. Мурда мындай азыраак болчу. Азыр эмнеге көбөйдү? Анткени коррупционерлердин катары өстү. Ушундан этият болуңуздар”, - деди Камчыбек Ташиев.