Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жайыл районуна барды. 

Мугалимдерге жана медицина кызматкерлерин мамлекет үй менен камсыз кылууга тийиш. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Жайыл районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Эл агартуунун жана медицина жаатынын кызматкерлерин мамлекет үй менен камсыз кылышы керек. Азыр атайын бул багытта программа иштеп жатат, мамлекетик ипотекалык компания деп аталат. Бирок ал ипотеканы 10-12 пайыздан берет жана андан үй алуу үчүн жарандарга тааныш-билиш таап, жетекчилик аркылуу чыгып, айтор көп убаракерчиликке барууга туура келет. Бул болбойт. Тескерисинче, мамлекет издеп жүрүп, таап: “Сен медицина кызматкери экенсиң, үйүң жок экен. Мына бул батирди ал дагы, 20 жылда төлөп бүткөр”, - деп 6 пайыз менен бериши керек. Анан ал кызматкер ай сайын айлыгынан 100 сомбу, 200 сомбу төлөй берет. Мына ушуну камсыз кылыш керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

      

"Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды