Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Балта шаарына барды. 

“Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Балта шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда жарандарды добуш сатпоого, элдин, мамлекеттин тагдырына күйгөн партияларга добуш берүүгө чакырды. 
"Мына азыр сиздерге акчалуулар да, акчасыздар да, бийликке жамынгандар да келип добуш сурап жатышат. Добушту кор тутпастан, “жети өлчөп, бир кесип” пайдаланышыңыздар керек. Мен Кыргызстанды түрө кыдырып келатам, ар бир аймакка барам, ар бир аймактын жашоочуларына партиянын программасын айтып берем. Мурдагы бийликтердин тушунда бизге тоскоолдук көп болчу. Оппозициячыл талапкерлердин эл менен жолугушуусуна кыйынчылык жаратышчу. Азыр андай жок. Бирок биз мурдагыдан да күчтүү тоскоолдукка туш келдик – ал добуш алууну соодалашууга айлантуу. Добуш сатуу жана сатып алуу эпкини элди аралап кетти. Бул өтө коркунучтуу. Мурда бийликтин кысымы менен күрөшсөк, азыр байлар менен күрөшүп калдык. Силерге акча сунуштап жаткан байлар өз маңдай тери менен байыган эмес, мамлекетти тоногон, эл байлыгын уурдаган коррупционерлер. Балдарыңардын, мамлекеттин келечегин акчага алмашпагыла. Добуш сатсаңар өзүңөрдүн гана эмес, Кыргызстандын алты миллион калкынын келечегин саттым деп билгиле. Депутаттардын шайлоо мыйзам чегинде силерге жүктөлгөн. Эми аны мыйзам чегинде адал жол менен аткарасыңарбы, же добуш сатып арамдыкка барасыңарбы – силердин чечимиңер. “Мекенчил” партиясы добуш сатып албайт. Бир добуш берсеңер да, адал бергиле. Адал добушуңарды алып, адал кызмат кылып беребиз деген ниетибиз бар,”, - деди Камчыбек Ташиев.