Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Панфилов районуна барды. 

Мамлекеттик чек ара жана ал жерде жашаган жарандарыбыздын коопсуздугу мамлекеттин эң приоритеттүү маселелеринин бири болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Панфилов районунун шайлоочулары менен жолушууда билдирди.

 Жолугушуу  залкар акын Алыкул Осмоновдун эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды.

“Жерибиздин коопсуздугу жана мамлекетибиздин коргонуу системасы чоң маселе. Аскер кызматкери айтып коеюн, мамлекеттик чек ара жана ал жерде жашаган жарандардын коопсуздугу эң башкы орунда турууга тийиш. Чек арадагы бир метр жерди да кандай кыйынчылык, ызы-чуу, мүшкүл коштобосун башкага бербешибиз керек. Бизде он метр ал жакка, жыйырма метр бул жакка кетти, эч нерсе болбойт деген саясат жүрүп жатат. Дүйнөдө канча деген улут саны бизден көп болсо да, өз мамлекети жок жүрүшөт. Ошондуктан жерибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Өкмөт чек ара маселесине анчалык көңүл бурбайт жатат. Аны көңүл бурдурууга, олуттуу кароого аргасыз кыла турган мыйзамды жазып, колуна карматышыбыз керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

Жолугушуунун соңунда Камчыбек Ташиев улуу акын Алыкул Осмоновдун үй-музейи менен таанышты. Андагы кол тамга калтыруучу китепчеге кол тамгасын калтырып: "Кыргызды кыргыз кылган баатыр болот, кыргызды кыргыз кылган акын болот", - деди. 

"Мекенчил" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды