Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 259

Жараткан колдоп, элибиз сүрөп, көпчүлүк добуш менен Жогорку Кеңешке келе турган болсок, беш багытта кардиналдуу реформа баштайбыз.

Урматтуу кыргызстандыктар! Биз Кыргызстандагы бардык мекенчил күчтөрдү бириктирип, шайлоого “Мекенчил” саясий партиясы менен катышууну чечтик. Жараткан колдоп, элибиз сүрөп, көпчүлүк добуш менен Жогорку Кеңешке келе турган болсок, беш багытта кардиналдуу реформа баштайбыз:

I.Конституциялык кардиналдуу реформаны баштайбыз. Баш мыйзамды өзгөртүү менен бир баштуу жоопкерчиликтүү президенттик же парламенттик бийлик системасын орнотобуз.

II. Кардиналдуу сот реформасын ишке ашырып, көз карандысыз, адилеттүү сот системасын түптөйбүз.

а). Райондук жана шаардык сотторду эл тарабынан шайлоо системасын киргизебиз.

б). Областык жана Жогорку Соттун судьялары Жогорку Кеңештин элегинен өткөзүлүп, тандалат.

 в). Сот системасынынын ички процедуралык тартибин өзгөртүү менен көз карандысыз сот бийлигин калыптандырабыз.

III. Мамлекетти коргоо жана чек ара маселеси

а). КР Чек ара кызматын толук бойдон түштүк борборуна которобуз.

б). Коргоо министирлигин түзүү менен ар бир жарандын кызмат өтөө милдетин камсыз кылабыз.

в). Өкмөттүн негизги маселеси – чек ара тилкелерин аныктоо жана чек арада жашаган адамдардын социалдык маселелерин чечип берүү.

IV. Мамлекеттин кен байлыктарын, суу ресурстарын жана энергетика тармагын системалык башкаруу

а). Кыргыз жергесиндеги кен байлыктар мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылат. Инвесторлорго шарт түзүп берүү менен бирге, ортодо түзүлгөн келишимдерди эл кызыкчылыгы үчүн кайрадан карап чыгабыз.

б). Суу ресурстарын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетебиз.

в). Энергетика тармагындагы мамлекеттик деңгээлдеги уурулукка чекит коёбуз жана бюджетти байыткан эң кирешелүү булакка айлантабыз.

 V. Билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында да кардиналдуу реформа башталат. Беш багыттагы кардиналдуу реформа жүргүзүү максатында төмөндөгүдөй мыйзам долбоорлорун кабыл алабыз:

1. Конституциялык реформа: Буга чейинки конституциялык реформалар бийлик же кайсыл бир саясий күчтөр тарабынан иштелип чыгып элге таңууланып келди. Бир да жолу элдин ою эске алынган жок. Мамлекеттүүлүктү чыңдоо максатында төмөнкү багытта иш алып барабыз:

а). Элге тандоо укугун кайтарабыз: Биринчи жолу элге мамлекеттик башкаруу системасын тандоо укугу берилет: “Президенттикпи же парламенттикпи?”- деген суроо коюлат. Эл кайсы башкаруу системасын тандап алса, ошол багытта Баш мыйзамды жазып, жоопкерчиликтүү бийлик системасын түзөбүз.

б). Шайлоо системасын өзгөртүү: Депуттардын санын 120дан 75ке чейин кыскартуу менен бир мандаттуу шайлоо (мажоритардык) системасы киргизилет.

в). Өлүм жазасын киргизүү заман талабы: Өлкө казынасына суук колун салган корупционерлерди, элдин мүлкүн уурдап жеген ууруларды, педофилдерди, антын бузган аткаминерлерди (прокурорлор, соттор, депуттар, өкмөт мүчөлөрү, президентти), ошондой эле ар кандай аракеттери менен элге чыккынчылык кылгандарды өлүм жазасына тартуу сунушталат.

г). Мамлекеттүүлүктүн өзөгүн түзгөн Элдик курултай институту ишке кирет.

2. Кыргызстандын энергетика тармагындагы мамлекеттик деңгээлдеги уурулукка чекит коёбуз. Энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында Энергетика министрлигин түзөбүз. Жаңы талапка ылайык менеджерлер коюлуп, эффективдүү башкаруу киргизилет. Кыргызстандын энергетика тармагындагы коррупциядан миллиондогон долларлар акча каражаты уурдалат. Бул Кыргыз элине жасаган чыккынчылык. Бир ууч чиновник жылына жүз миллион долларга чейин пайда көрөт.

3. Аралыктан кызмат көрсөтүү ыкмасын киргизүү менен бажы тармагындагы уурулукту токтотобуз. Кыргыз-кытай чек арасынан бир айда бери дегенде эле үч миң жүк ташуучу автоунаа өтөт, ар бир автоунаадан үч миңден - беш миң долларга чейин пара алынат. Орто эсеп менен бир айда 12 миллион доллар (936 миллион сом) мамлекеттин казнасына түшпөйт. 936 милионго сомго 10 мектеп же 5 мыкты заманбап оорукана салса болот.

 4. Кен байлыктардагы уурулукка чекит коёбуз. Элдин байлыгы элге берилет. Тоо кен тармагындагы мыйзам долбоорлорун өзгөртүү менен эң ири алтын кендери: “Кумтөр”, “Жерүй”, “Талды-Булак” сыяктуу баалуу жаратылыш байлыктарынын ишмердүүлүгү ачык текшерилип, иликтенип, алардын запастары аныкталып, мамлекеттик коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп жаткан каражаттарды элдин кызыкчылыгына бурабыз. “Кумтөр” алтын кенинен жылына 35- 40 тонна алтын казылып алынат. Ал алтындын баасы орто эсеп менен санаганда 2 миллиард доллар болот. Анын 300 миллион доллары өндүрүштүк чыгымга жумшалса, калган 1,7 миллиард доллары Кыргызстандан сыртка чыгарылып кетүүдө.

5. Мамлекеттик кызматта иштеп, мыйзамсыз байыган аткаминерлер жазаланат. Кыргызстандагы соңку отуз жылда мамлекеттик кызматтарда иштеп, мыйзамсыз байыгандардын тизмеси ачык жарыяланат. Алардын мал-мүлкү жана баардык тууган уруктарынын атына катталган байлыктары ачыкталат. Чиновниктин байлыгы алардын тапкан кирешесинен көп болсо, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартып, анын байлыктарын мамлекетке алуу эрежеси кабыл алынат.

 6. Кош жарандуулукка жол ачабыз. Мекендештерди колдоо максатында кош жарандуулук боюнча мыйзам долбоорун даярдайбыз. Чет өлкөдөгү жарандарыбызды “мигрант” деп мазактоо туура эмес – алар биздин мекендеш инвесторлорубуз. Аларга жана балдарына кош жарандуулук боюнча укук берилиши зарыл.

7. Арзан турак-жай менен камсыз кылууга жетишебиз. Жарандарды арзан турак- жай менен камсыз кылуу программасын мыйзамдаштырабыз. Үй куруудагы эң ири чыгымдардын бири бул жер тилкеси. Жер тилкелери ууру коррупционерлердин колунда. Жер тилкелерин мамлекетин эсебине кайтарып алуу менен жердин баасын арзандатабыз. Ар бир кыргызстандыкты ипотекалык жол менен арзан баада турак жай менен камсыз кылууга жетишебиз!

8. Банктардын кредиттик саясатын эл пайдасына бурабыз! Кыргызстандагы банктардын жарандарга берген кредиттеринин пайыздык үстөмдүгүн он пайызга чейин түшүрөбүз. Банк системасындагы мыйзамдарды өзгөртүү менен кредит алган атуулдардын акыркы мүлкүн тартып алуусуна тыюу салабыз.

9. Билимдуу улут - татыктуу келечек! Мектеп мугалимдерине акысыз кесиптик билим берүү менен женилдетилген ипотекалык насыя берүү жана мугалимди милдеттүү түрдө камсыздоо. Келечек муунга татыктуу билим берүүнү камсыздоо.

10. Мамлекеттин байлыгы - бул улуттун ден соолугу!

а). Мамлекеттик ипотекалык насыя аркылуу ар бир мугалимди жана дарыгерди үй менен камсыз кылабыз.

 б). Өлкөбүздөгү социалдык коргоого муктаж болгон пенсионерлердин, майыптардын жана жетим-жесирлердин жөлөк пулдарын жетиштүү деңгээлде камсыз кылабыз.

в). Мамлекет тарабынан ар бир областтын борборлоруна заманбап стадиондорду куруу багытында иш алып барабыз.

11. Адилеттүүлүк - мамлекеттүүлүктүн фундаменти. Мыйзамсыз, адилетсиз соттолуп, абактарда жаткан жарандардын маселесин чечүү жаатында атайын мыйзам долбоору иштелип чыгат. Бир да адам таза жеринен азап тартпашы керек! Жогорудагыдай реформалардын жыйынтыгында казынага түшкөн каражатка облус борборлоруна, ар бир районго товарын экспортко чыгарууга багытталган ишканаларды куруу менен жумушчу орун түзөбүз. Мугалимдердин, дарыгерлердин, пенсионерлердин жана аскер кызматкерлеринин пенсия-пособиелеринин өлчөмүн жогорулатууга жетишебиз! Мындай иш чаралар тез арада кыйшаюсуз аткарылгандан кийин өлкөдө саясый туруктуулук орноп, экономикада алдыга жылыштар башталат, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарын толук реформалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Урматтуу кыргызстандыктар! “Мекенчил” саясий партиясы көпчүлүк добуш менен парламентке келсе, кыска мөөнөттө жогорудагыдай мыйзамдарды кабыл алабыз. Мындай аракеттерди жасоо үчүн саясий эрк керек. Бизде андай эрк бар. Биздин эркибизди чыңдаган урматтуу элим Сиздерсиздер. Сиздер добуш берип колдоп, батаңыздарды берсеңиздер, бизди эч ким токтото албайт.

Биз сиздердин колдооңуздарга муктажбыз, Урматтуу мекендештер, 4-октябрда “Мекенчил” саясий партиясына добуш бериңиздер! Максатка жетүү үчүн биздин партиянын парламенттик шайлоодогу урааны бирөө, гана бул: “Бийлик – элге, уурулар түрмөгө!”.

“Мекенчил” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы “Мекенчил” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын уруксаты менен басылды. “Мекенчил” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды

Булак: “Майдан. kg” гезити