Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Талас районуна барды. 

Соттордун көз карандысыздыгына жетмейинче өлкөдө акыйкаттуулук орнобойт. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Талас районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Биз Кудай буйруп парламентке барып калсак, бир катар мыйзам долбоорлорун ишке ашырууга бардык далалатыбызды жумшайбыз. Алардын бири – соттордун көз карандысыздыгы боюнча. Акыйкаттуулукка сот системасын өзгөртүү менен гана жетише алабыз. Ар бир келген бийлик “бизде сот эркиндиги” бар дейт. Бирок ал сөз жүзүндө гана, чынында бийликтегилер соттордун көз карандысыз болушун каалабайт, анткени өздөрүнө ылайыктуу чечим чыгартып туруулары керек. Карапайым элдин балдары кылмыш жасаса камалат, а бирок аткаминерлердин балдары кылмыш жасаса да мыйзам жоопкерчилигине тартылбайт, ал турмак бир күн да абакка отургузулбайт. Ошондуктан сотторду акыйкаттуулукка баштоонун бирден бир механизми – тандоону элдин колуна берүү. Жергиликтүү, райондук жана шаардык сотторду эл өзү шайлашы керек. Ал эми жогорку сотту парламент дайындайт. Президенттин сотторго байланышы болбошу керек. Ошондо ар бир сот чечим чыгараардын алдында элден чоочулайт, мыйзам негизинде акыйкат чечим чыгарууга ыктайт. Сот президент, министр, дагы башка бийликчилдерден эмес, бир гана элден, мыйзамдан коркушу керек”, - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды