Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Талас шаарында.

Кыргызстан кен-байлыктарын өз кызыкчылыгына колдонуунун жолун билиши керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Тоо-кен байлыктары боюнча жаңы мыйзам кабыл алышыбыз керек. Инвесторлорду кууп чыгабыз, жол тосуп, ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылабыз демейдин кереги жок. Биз жөн гана парламентке барганда көпчүлүк депутаттар болуп бул жааттагы мыйзам кабыл алып, анын иштешин көзөмөлдөйбүз. Анын негизинде Кыргызстанда өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызы өлкөдө калат. Кыргызстан эки-үч жылда бутуна турат.

Таластагы “Жерүй” алтын кени тууралуу да айтайын, мен инвесторлорду айыптай албайм. Алар бекер деле ала беришет. Мейли, кенди 100 миң гана долларга сатып алышыптыр, “Бакыбат Талас” деген фонд ачык аймакка жардам берип жатат. Бирок буга канааттанбашыбыз керек. Булар тапкан 100 сомунун 50 тыйынын гана бизге берип жатышат. Бир бала бакчаны оңдоду, бир мектепти курду, бир көчөгө асфальт төшөдү деп ыраазы болуп отура бербей, өндүрүлгөн продукциянын 30 пайызын талап кылышыбыз керек”, -деди Камчыбек Ташиев.

“Мекенчил” саясий партиясынын  шайлоо фондунан каржыланды