Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 172

Мындайга шайлоого катышуучу партиялардын өзүлөрү шыкак берип жаткандыгы да жалган эмес.

Маркум Чубак ажы Жалилов шайлоолордо добуш сатуу тууралуу “бул ар кимдин өз абийириндеги иш, бирок сойкулардын баасы кымбатыраак” деп айтканы эске түшөт. Ырасында эле ушундай болуп жатат. Буга чейинки шайлоолордо партиялар үчүн ортомчулук кылып, алар берген акчаларды өөнөп көнгөн азаматтар азыр да партия штабдарын шынаарлап, шыралгыдан үмүт үзбөй ортодо шыйрактары үзүлгөнчө чуркап жаткан учур. Орустар айтмакчы, “горячая пора” болууда.

Мындайга шайлоого катышуучу партиялардын өзүлөрү шыкак берип жаткандыгы да жалган эмес. Ал эми элдин маанайы кандай, алар эмне дешет? Акчасын берсе алабыз, добушту каалагандай салабыз дегендер арбын экени байкалат. Берсе-бербесе да барбайбыз дегендер да бар.

Бирок, бардык чечим шайлоо күнү кабылданат эмеспи, андыктан шайлоочулардын сыртынан шашылып тон бычпай коё турганыбыз оң.

Ооба, быйылкы шайлоо эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат саясий өнөктүк болору алдын ала айтылган. Ага партиялардын учурдагы үгүт аракеттери да далил. Атаандаштык абдан күч, 16 партиянын агенттери да күн тыным, түн уйкудан кечип бири-биринен кынтык, оюндан жыдытууга илинчек издеп жатканы сезилет. Андай илинчектин бири добуш сатып алуу жана добуш сатуу фактылары болуп саналары шексиз.

Бул өнөкөт оору кыргыз коомчулугуна жабышканына отуз жылга чамалады. “Легендардуу парламенттин” депутаттарынан кийин алардын ордун ээлейбиз дегендер эл арасына ушул ооруну жайылткан. Аны эмдей турган вакцина качан табылаары да белгисиз. Ырас, добуштарды сатып алуу жана сатуу аракеттерине мыйзамда катуу чаралар каралган.

Негизи шайлоо мыйзамдарынын жана Жазык кодексинин жаңы нормалары добуштарды сатып алуу аракеттерин кыскартышы керек. Алар боюнча, добуш сатып алуу менен алектенген ортомчу шылуундар 220-230 миң сомго чейин айыпка жыгылышат. Добуштарды массалык сатып алган учурлар үчүн кылмыш жоопкерчилиги - эркинен ажыратуу каралган. КР Жазык кодексинин 192-беренесине ылайык добуштарды сатып алуу менен алектенген саясий партиялар, талапкерлер жана алардын туугандары жоопкерчиликке тартылышат. Аларга акчалар айыптар салынат же 5 жылга чейин эрктеринен ажыратылышат. Добушун саткан шайлоочулар 2,5 жылга чейин эрктеринен ажырайт. Эгерде шайлоочу добуш сатуу аракети тууралуу өзү маалымдаса жоопкерчиликтен бошотулат.

Тилекке каршы бул чаралар деле жакынкы жылдарда мыйзамга, ири алды абийирге каршы аракеттерди токтотоору арсар. Бирок, ар бир жолку шайлоолордо кайталанып келе жаткан бул ыплас көрүнүштүн залакасы өлкөбүздүн, өзүбүздүн келечегибизге тиерин ар бирибиз эстей турган мезгил келди.

Эмне үчүн дегенде – чейрек кылым убакыттан бери саясатчылар эсепсиз убадаларды берип, бирок алардын чандасы гана аткарылбаса, эл мүдөөлөрү алиге орундала элек. Өлкөбүздүн жаркын келечегинен үмүт кылган ар кыл муун өкүлдөрүнүн өмүрлөрү өкүттө өтүүдө. Бул ойлонбрй добуш сатуунун жана сатылуунун орду толгус кесепети. Ошондуктан, азыр акыл калчап, терең ойлоно турган олуттуу учур.

Парламентке криминал өкүлдөрү, эл эсебинен эпсиз маарыгандар, мамлекетти уурдаган олигархтар келе жатат деп добулбас кагылууда. Эртең чын эле ошолор бийликке келип алышса, биздин тагдырды беш жыл эмес, бери дегенде дагы чейрек кылым чечээри шексиз. Анда мамлекеттин тагдырын татаал күндөр күтөт, жарандарыбыздын эртеңкиси бүдөмүк болот. Ошондуктан, ачка калсак да алданбайлы, сатылбайлы. Добуш сатуу мамлекетти сатууга тете болоорун эстен чыгарбайлы.

Булак: media-center.kg