Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 214

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Бакай-Ата районуна барды. 

Кыргызстан кен байлыктарга бай өлкө. Бирок ошол байлыктарын эл кызыкчылыгына пайдаланууга жетише албай жатат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-сентябрда Бакай-Ата  районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Кыргызстанда өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызы өлкөнүн энчисине калышы керек. Кен байлыктарыбыз көп, иштетип жатышат, бирок мамлекетке пайдасы аз болуп жатат. Мына, Чаткал районунда  да алтын өндүрүүчү ишканалар жайнайт. Тоолор бүт тешилип калган, чаткалдыктар ыйлап жатышат, жайытыбыз калбай калды дешип. Суу калдыктарын топтоп коюшкан, ал калдыктар миңдеген жылдар турат, а биз адамдар Кудай узак жашоо бергенде ашып кетсе жүз жыл жашайбыз. Кийинки муунга жашоо беришибиз керекпи? Экологиябыз ошончо запкы тартканына жараша мамлекеттин капчыгы калыңдап да кетпеди. Болгон алтындын баары сыртка чыгарылууда. Бул коррупционерлерге жагат, алар өз үлүштөрүн алып унчукпай отурушат. Биз өндүрүлгөн кен байлыктардын 30 пайызын мамлекетке калтыруу боюнча мыйзам киргизебиз. Жылына 25-30 тонна алтын өндүрүлөт экен, анын 30 пайызы 10 миң тонна. Жыл сайын ушунча алтын Кыргызстанга калса эмне деген бай өлкө болобуз. Мектептерибиз да курулат, ооруканалар да оңдолот, бардык социалдык маселелерибиз чечилет”, - деди Камчыбек Ташиев.

 

Макала "Мекенчил" партиясынын шайлоо фондунан каржыланды