Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кара-Буура районуна барды. 

Бүгүнкү партиялык система, партиялык курулуш туура эместигин убакыт далилдеди. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн, 10-сентябрда Кара-Буура районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Кайрадан бир мандаттуу системаны киргизүү керек. Партиялык тизмени эл шайлоо алдында гана көрөт. Арасынан кылган ишин жактырган бир талапкер үчүн добуш берет, бирок анын артынан эл байлыгын жеген, мамлекетке зыян алып келген бир канчасы өтөт. Дүйнөдөгү мамлекеттер бул системанын туура эместигине көзү жетип, кайтып башташты. Мисалы, Россияда 100 пайыз партиялык система эле, азыр анын 50 пайызы можаритардык системага өттү.  Бир мандаттуу болгондо эл чыныгы талапкерди тандай алат, өзүнүн аймагындагы мыкты, эл көйгөйүн билген жана чече алган инсанды чыгарат. Биз бийлик элге деп жатабыз, а уурулардын орду түрмөдө болуш керек. Уурулар азыркыдай партиялык тизмеге жашынып алып, бийликке келбеши керек. Сиздерге” жыргатып жиберебиз, асмандагы айды алып беребиз”- деп куру убада бербейбиз, биздин ураан – “Бийлик - элге, уурулар - түрмөгө!”,- деди Камчыбек Ташиев.

 

Макала "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды