Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 223

Бишкек, "Саясат. kg".  "Мекенчил" Манас районуна барды. 

“Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бүгүн шайлоочулар менен жолугушуусун Талас облусунан улантты. 

Алгач Камчыбек Ташиев Манас ордо комплексине зыярат кылууга барды. Ал жерде манасчы Манасты Ала-Тоону бет алганынан үзүндү айтты. Андан соң, Манастын күмбөзүнө барып, куран түшүрүштү. 

Арбактардын алдындагы тирүүлөрдүн парзын аткаргандан кийин Камчыбек Ташиев башында турган “Мекенчил”саясий партиясынын өкүлдөрү Манас районунун Покровка айыл аймагынын шайлоочулары менен жолугушту. 

Колдоп келген элге ыраазычылыгын билдирген Камчыбек Ташиев Кыргызстан – Талас аймагынан башталаарын жана бул аймакка келгендеги биринчи кадам Манас атанын күмбөзү тарапка ташталаарын белгиледи. Ошондой эле элди туура тандоо жасоого, добушту акчага алмаштырбоого чакырды. 

“Мамлекети жок канча улуттар жүрөт. Бутунун алдында бир метр өзүнө таандык жери жок улуттар бар. А биздин, кыргыздардын бактысы - мамлекетибиздин бардыгы. Аны эми өнүктүрүп, алдыга жылдыруу үчүн баарыбыз чогуу аракет кылуубуз керек. Бул үчүн биринчи Конституцияны өзгөртүү зарыл. Биз башкаруунун бир формасын гана тандап алганыбыз туура болот. Президенттикпи же парламенттикпи – эл тандасын. Эл тандаган башкаруу багытын биз мыйзам чегинде орнотобуз. Президенттик башкаруу болсо, премьер-министрдин кереги жок, өлкөдө болуп жаткандын баарына мамлекет башчы жоопкерчиликти алсын. Экономикага, саясатка, элдин жашоо-турмушуна бир адам жоопкер болууга тийиш”, - деди Камчыбек Ташиев.

Манас районунун тургундары Камчыбек Ташиевге бата берип, калпак кийгизип, аргымак мингизип узатышты. 

Макала "Мекенчил" саясий партиясынын шайлоо фондунан каржыланды