Бишкектин административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды.

«"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын».

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызы боюнча сот чечими 9-сентябрда, саат 19:48де чыгарылды.

Партиянын лидери Адахан Мадумаров судьяга жана сот имаратынын сыртында адилеттикти талап кылып турган тарапкерлерине ыраазычылык билдирди.

Бишкектин административдик сотунда бүгүн, 9-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы доо арызы каралды.

Соттук жараянга партияны шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине каршы добуш берген БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Кайрат Осмоналиев чакыртылган. Бул өтүнүчтү 7-сентябрда «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү берип, судья аны канааттандырган.

Жараян жүрүп жаткан убакта партиянын тарапкерлери имараттын сыртына чогулуп, соттон калыстык талап кылышты.

БШК 3-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» өз талапкерлерин аныктоодо эреже бузган деп таап, каттоодон баш тарткан. Партия БШКнын мындай кадамын «саясий чечим» деп баалап, сотко берген. Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат.  


Азаттык