Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) саясий партиялардын шайлоо бюллетениндеги катар номерлерин аныкташ үчүн чүчүкулак кармоо мөөнөтүн кайра өзгөрттү.

Комиссиянын басма сөз кызматынын өкүлү Асел Акунова «Азаттык» радиосуна билдиргендей, буга «Бүтүн Кыргызстан» партиясы боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек экендиги себеп болду.

«Чүчүкулак кармоо маселеси соттун жыйынтыгына жараша чечилет. Күтүп жатабыз», - деди ал.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бюллетендеги орду 4-сентябрда аныкталмак. Кийин бул күн 9-сентябрга которулган болчу.

Шайлоо бюллетенине жазылчу партиялардын катары чүчүкулак аркылуу аныкталат, алардан тышкары «Баарына каршы» деген графа болот.

Боршайком шайлоого талапкер катары 15 саясий партияны каттаган. Шайлоого катышуу укугунан ажыратылган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы БШКны сотко берген. Сот жараяны уланууда. Биринчи сот отуруму 7-сентябрда болгон.

120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлооо 4-октябрда өтөт. 


 Азаттык